Керимбек Сарбашев эки ай мурун башкы инженер кызматынан бошотулган. Ал «Кыргызгаздагы» мына ушундай терс көрүнүштөр боюнча билдирүү менен чыккандан кийин аны коркутуп-үркүтүүлөр башталган. Ошондуктан ал учурда кичи мекени Алайга кетүүгө мажбур болду. Сарбашевдин айтымында, анын айткандары Эсеп палатасынын текшерүүсүндө делилденген:
-Мен ачык айтып атпаймынбы. Мунун баарын Эсеп палатасы тактап, прокуратурага берген. Президентке билинген.
Сарбашев учурда Алайда аны коргоо комитети түзүлгөнүн кошумчалай кетти. Керимбек Сарбашевдин маалыматы боюнча, азыркы кезде «БЭК» фирмасы жабылып, анын ордуна башка фирма түзүлүп, мурунку коррупциялык схема уланып жатат:
-Жаңы фирма ачып коюп эле өзбектен алган газды ошол фирма аркылуу өндүрүштүк фирмаларга сатып жатышат. Натыйжада пайдасы «Кыргызгазга» түшпөй фирмага түшүп жатат.
Премьер-министрдин басма сөз катчысы Айбек Султангазиев Игорь Чудиновдун «БЭК» аттуу фирмага тиешеси жок экенин билдиргенин маалымдады:
-Игорь Витальевич менен сүйлөшсөм, баары жалган деп жатат. Эгерде ишенбесеңер бүт документтерди көтөргүлө дейт. Сотко берем деген жок. Журналистти, же тигини сотко берем деген ниети деле жок.
Ал эми Керимбек Сарбашев болсо мени коркутуп-үркүтүүнүн ордуна сотко берсе болот эле деген ойдо:
-Сотко бере албайт. Сотко берсе го жакшы эмес беле. Бирдемке кылабыз дегендей, эми коркунучтуу да.
«Кыргызгаздын» өзүндө Сарбашевдин билдирүүлөрүн төгүнгө чыгарышууда.
-Чындык жок ал жерде. Иштеген фирмалар бар. Бирок ал жазгандын баары калп. Бул жумуштан кеткен кишинин айткан сөздөрү,- деди ишкананын башкы директорунун орун басары Кубат Мырзаканов.
Мындан бир нече жыл илгери «Кыргызгазда» дал ушундай жаңжал чыгып, натыйжада өзбек президенти Ислам Каримов Кыргызстанга карата газ саясатын катаалдантууга барган эле. Мына ошол кезде «Кыргызгазга» ортомчу болуп миллиондорду сологон адамдар учурда Россияда качып жүрөт дейт Кыргызстан нефтьтрейдерлер бирикмесинин башчысы Базарбай Мамбетов:
-Ушул схеманы беш-алты жыл илгери түзүп, пайданы аябай көргөндөр Кыргызстандан качып кетип калган. Алар ошол эле «Кыргызгазда» иштеген эргулдар. Бирөөсү Санкт-Петербургда, бир-экөө Москвада жүрөт. Бирок ошондой схема менен кыргыздар иштеп жатканын өзбек өкмөтү, урматтуу президенти Ислам Каримов билип калып, өз кызматкерлерине каршы аябай катаал чара колдонгон.Ошол жердеги мекеменин башчыларын көбүн отургузган.
Айта кетүүчү нерсе, ортомчулардан ошол кезде күйгөн «Кыргызгаздын» финансылык абалы азыр да жакшы эмес. Өткөн жылы өкмөт анын карызын жабуу үчүн 8 миллион доллар насыя бөлүп берген. Быйылкы жылы да 12 миллион доллар бөлүп бергени кабарланууда.
Эсеп палатасы, Башкы прокуратура мамлекеттик ишкананы алсыратып, жеке фирмаларды байыткан, демек коррупцияга жол ачкан мындай окуяларды канчалык иликтеп, аягына белгисиз.
«Кыргызгазга» өткөн жылы текшерүү жүргүзгөн Эсеп палатасынын аудитору Таньшанбек Марифов расмий кайрылуусуз жана жетекчилердин уруксатысыз бул маселе боюнча эч кандай маалымат бере албасын «Азаттыкка» билдирди.