Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:26

28-ФЕВРАЛЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Жетисуу областтык башкармалыгы 1898-жылдын 28-февралында Пишпек уезддик начальнигине Шабдан Жантаевдин сыйлыгы менен кошо кат жолдогон. 1934-жылдын 28-февралында А. Сыдыковго «антисоветтик ишмердиги» үчүн кине коюлуп, камакка алынган.

Жетисуу областтык башкармалыгы 1898-жылдын 28-февралында Пишпек уезддик начальнигине кат жолдогон. Башкармалык кат менен кошо Шабдан Жантаевдин империяга сиңирген эмгеги үчүн эки күмүш медалды жөнөткөн. Күмүш медалдар менен бирге салынган ленталар Пишпек уездинде жашаган Аскер милиция старшинасы Шабдан Баатырдын 1853-1895-жылдарды кучагына алган Орто Азия аймагынадагы жүрүштөргө активдүү катышкандыгы үчүн берилгендиги белгиленет.

Ош уезддик-шаардык партия уюмунун жыйыны 1920-жылдын 28-февралында өткөрүлдү. Жыйын чечими менен уезддик жана шаардык партия комитети уюшулган.

Кыргыз мамлекетин түптөөгө активдүү катышкан белгилүү коомдук ишмер Абдыкерим Сыдыковдун саясий ишмердиги акыры келип анын керт башына залака тийгизген. Бийлик үчүн жүргөн күрөштө анын саясий оппоненттери ыплас ыкма колдонушуп, Абдыкерим Сыдыковдун бай-манаптык тегин көтөрүп чыгышкан. Мындан тышкаары ага «Туран», «Алаш ордо» партиясынын өкүлү деген жалаа жабылып, акыры 1934-жылдын 28-февралында А. Сыдыковго «антисоветтик ишмердиги» үчүн кине коюлуп, камакка алынган.

Борбор шаардын кинотеатрлары 1947-жылдын 28-февралында «Советтик Кыргызстан» аттуу толук экрандуу документалдык-көркөм фильмди коюп башташты. Документалдык-көркөм фильмди Аалы Токомбаев менен Михаил Слуцкий тартып, анда кыргызстандык-Кийизбаева, Шопокова, Асанов сыяктуу каармандар «большеквиктик партия менен улуу Сталиндин» саясатын даңкташкан.

Жетисуудагы совет бийлигин активдуу куруучулардын бири Рудольф Маречек 1883-жылдын 28-февралында жарык дүйнөгө келген. Рудольфтун атасы темир устачылык менен кесип кылып, ал баласынын татыктуу билим алышына аракет жасаган. Ал 1907-жылы Венадага кесипчилик окуу жайын бүткөрүп, аз убакытка жыгач устачы болуп эмгектенген. 1909-жылы Россияга келип, революциялык кыймылга аралашып, Жетисуудагы большевиктик бийликтин орношуна активдүү катышып, 1917-жылдан тарта Верный шаарында иштей баштаган. Кийин Пржевальск шааркомунун төрагалыгына көрсөтүлүп, 1918-1920-жж. Кызыл Армия бөлүгүндө саясий комиссарлык кызматты аркалаган. Рудольф Маречек «Новая эра» аттуу коммунаны, башкача айтканда азыркы Түп районун уюштурган.

Бу күнү таанымал акын, мээнеткеч окумуштуу Омор Сооронов жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG