Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:35

АНДАШТЫН АЛТЫН ЧАТАГЫ ДАЛЕ ЧУБАЛУУДА


“Көпүрө базар” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү жана Көпүрө базар айылынын бир катар тургундары айылдан анча алыс эмес жердеги “Андаш” алтын кенин иштетүү табиятка жана жергиликтүү тургундардын ден-соолугуна коркунуч жаратарын айтып, “Андаш Майнинг Компани” аны алдын алуу үчүн эч кандай чара көрбөгөнүн айтышууда. Ал эми компаниянын өкүлдөрү мындай айыптоолорго негиз жок экендигин, коопсуздук чаралары эбак көрүлгөнүн айтышууда.

Талас облусундагы “Андаш” алтын кенин иштетүү маселеси бир топтон бери талаш-тартыш жаратып, азыркыга чейин алтын казылбай турат. Айрым талдоочулар буга окшогон кендерди азырынча казбай туруу керек дешсе, башкалары тез арада казып, экономикага пайда келтирүү керектигин айтышат. Баарынан да “Андаш” кенине эң жакын жайгашкан Көпүрө базар айылынын тургундары арасында да кооптонуулар күч. Андан улам түзүлгөн “Көпүрө базар” коомдук бирикмеси, “Андаш Майнинг Компани” азыркыдай абалда кенди казып баштаса табиятка жана элдин ден-соолугуна чоң зыян келет деген турумда.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, “Көпүрө базар” коомдук бирикмесинин мүчөсү Зоотбек Кыдыралиев бул тууралуу мындай дейт:

- Элдин эртеңки күнү эмне болот. Эки-үч жылдан бери биздин айылда курулуш болбой калды. Сарай салып аткандар дагы курулушту токтотуп коюшту. Анткени, элдер үрпөйүп, көчөбүз дегенге чейин барып калышты. Көчүрбөй коюу үчүн эмне кылыш керек? Ал үчүн элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүз керек. Айтпай атат азыр эч ким. Мына, көз каранды эмес эксперттик топ мыйзам бузуулар бар деп отузга жакын маселе жазылган жыйынтык жазылган. Компаниянын жетекчилери техникалык, экологиялык сыяктуу кырсыктар болбосун, баарын ордуна келтиришерин айтышкан. Бирок эки жылдан бери эч нерсе жок.

Ошондой эле коомдук бирикменин өкүлдөрү, кенди иштете турган ишкана айрым жергиликтүү тургундарга акча берип, компанияны колдогон, тез арада кенди иштетүүнү талап кылган ар-кыл иш-чараларды өткөртүп жатышканын айтышты. “Көпүрө базар” коомдук бирикмесинин төрагасы Кубанычбек Айдаралиевдин айтымында, компаниянын мындай иш-аракети эл арасында бөлүнүүнү жаратууда:

- Алар элге жолукпай, жең алдынан айыл өкмөтү менен сүйлөшүп алышып, булар макулдук алып алышкан. Түнкүсүн келишет дагы 20-30 киши чогултуп арагын, акчасын берип кетип калышат. Элдин бөлүнгөнү да ушундан болуп атат.Кээ бир учурларда, майрамдарда кагылышканга чейин барып атышат. Аксакалдар токтотуп калып атышат. 2007-жылы августта айылдык кеңештин деле чечими чыккан, жер берилбесин деген. Ал чечимди куруучуларга айыл өкмөтү алып барып бербей коюп, декабрда барып атпайбы анысы. Документти катып коюшуп, жер бөлүнгөндөн кийин алып барып берип атышпайбы.

“Андаш Майнинг Компани” ишканасынын коомчулук менен байланыш боюнча адиси Эрмек Үсөнов болсо, нааразы болгондордун айткандарын негизсиз деп эсептейт. Анын айтымында, кенди иштетиүүдө уулу заттар колдонулбайт:

- Таптакыр туура эмес булардын айтканы. Мен ушундай деп эле айтам. Себеби, биздин “Андаш” алтын кенин иштетүү флатациялык жол менен жүрүп, “полуфабрикат” түрүндөгү кошулма алынып кетилет. Эч кандай цианид сыяктуу уулуу зат колдонулбайт.

XS
SM
MD
LG