Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:04

КУМТӨР: КЕЛИШИМДЕ ЭЛДЕН КАТЫЛГАН ЭМНЕ СЫР БАР?


Кумтөр --> http://azattyk.kg/rubrics/economics/ky/2008/02/CEB73800-02FE-42EF-AEB9-40240827C57B.asp алтын кени боюнча канадалык компания менен түзүлгөн келишимдерди жокко чыгаруу, бул келишимдерге кол койгон айрым мамлекеттик кызматкерлерди жоопко тартуу боюнча талаш маселе бүгүнкү күнү кызуу талкууга алынууда. “Камеко” компаниясы менен түзүлгөн 2003-жылдын 31-декабрындагы келишимди жокко чыгаруу өтүнүчү менен кайрылган ЖК төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабековдун доо арызы Бишкектеги райондор аралык сотунда 10-мартта каралат. Вице-спикер Кыргызстандын үлүшү 67% түзгөн келишимге кайтып келүүгө чакырууда.

Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча мурдагы өкмөт башчы Николай Танаев тарабынан кол коюлган келишимди жокко чыгаруу менен бирге өткөн жылдын жайында мурунку премьер-министр Алмазбек Атамбаев тарабынан түзүлгөн келишимди да ратификациядан өткөрбөө аракети болууда. Анткени бул экөөндө тең Кыргызстандын кызыкчылыгы жок.

Парламент төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабековдун “Азаттыктын” кабарчысына билдиргени боюнча өзгөчө алгачкы, 2003-жылы мурдагы өкмөт башчы Николай Танаев тарабынан кол коюлган келишим элдин кызыкчылыгына каршы түзүлгөн:

-Мурунку легендарлуу парламентте Чынгышев баш болгон кыргыз өкмөтү Канада тарапка 33% пайда бергени үчүн сынга алынып, кызматтан кеткен. Ал эми 67% пайданы 16% алып түшкөндөр эмгиче жооп бере элек. Бул келишимге Танаев өзү кол кое албайт болчу, бул сөзсүз түрдө мурдагы президент Акаевдин үй-бүлөсүнүн макулдугу менен жасалган.

Кубанычбек Исабековдун бекемдегени боюнча мурдагы өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын үлүшүн 31% жеткирип түзгөн келишимди да колдоого болбойт. Парламент мүчөсү ушул 31% пайда да өлкөнүн капчыгына түшөрүнө ишеними жок дейт. Анын айтуусунда өкмөт менен Канадалык компаниянын ортосунда беш келишим түзүлүп, анын экөө гана парламентке көрсөтүлгөн:

-Мен калган үчөөнү көргөн жокмун, билчү да эмеспиз. Эмне үчүн мен шек санап, Атамбаевдин келишимин колдобой калганым да ушул себептен. Эмнегедир бизден жашырылган маселе бар экен. Мисалы: бир келишим Кумтөрдүн 15% акциясынын Кыргызстанга өткөрүлүп берилиши тууралуу түзүлгөн. Эмне үчүн муну депутаттар билбейт, эл билбейт, коомчулук кабарсыз?

Кубанычбек Исабековдун дагы бир маалыматы боюнча өткөн жылы жай айларында Кыргызстанга Кумтөрдөн 60 млн доллар келип түшкөн, бирок бул акчанын жиги белгисиз болууда:

-Бул маалыматты уккандан кийин өзүмчө иликтөө жүргүзүп, Коопсуздук комитетине да кайрылдым. Бирок учугу табыла элек. 60 млн доллар тууралуу Өкмөт үйүнүн 7-кабатындагы айрым адамдар да кабардар экендигин жашырышкан жок.

Кумтөр алтын кени иштеген он беш жылга чукул убакыт ичинде Кыргызстанга 10 млн доллар гана киреше түшкөн. Ошол эле убакытта Канадалык компания 1 млрд 700 млн долларлык алтын саткан. Белгилүү болгондой Кумтөр алтын кени ишке кирген 1993-94-жылдары алтындын дүйнөлүк базардагы баасы бир унциясына 260 доллар болсо, азыр 854 доллар турат.

"Кумтөр голд компани" ишканасында Кыргызстандын 15% акциясы бар. Бирок буга карабай, Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн текшерүүгө Кыргызстандык эсеп палатасына уруксат берилген эмес, дейт вице-спикер.

Канадалык компанияга Кумтөрдөн 250 тонна алтын запасы бар кенди гана казууга уруксат берилген, бирок ага карабай мурдагы өкмөт ошол аймактагы дагы үч жерди иштетүүгө уруксат берген. Мыйзам боюнча ал жердеги кенди иштетүүгө тендер жарыяланышы керек болчу. “Камеконун” ишин токтотуп, өзүбүз кенди иштетүүгө убакыт келип жетти, деген пикир ээлеринин бири мурдагы вице-премьер-министр Базарбай Мамбетовдун айтуусунда калган 700 тонна алтын Кыргызстанга жетет:

-Канаданын компаниясы казып жаткан алтын кенинин ишин токтотуп, ошол калган 700 тонна алтынды өзүбүздүн күчүбүз менен алышыбыз керек. Анткени 15 жылга жакын убакыттан бери Канаданын компаниясы бизди алдап келди, ал эми Кумтөрдөн Кыргызстандын экономикасына эч кандай пайда түшкөн жок.

Кумтөр алтын кенин Канадалык ишканадан тартып алуу эл аралык ишкер чөйрөдө Кыргызстандын аброюн түшүрөт, деген пикирлер да байма-бай айтылууда. “Тоо-кенчилер” биримдигинин президенти Орозбек Дүйшеевдин айтуусунда Кумтөрдү канадалыктардан тартып алып, кыргыздар иштете албайт:

-Кумтөрдүн ачык, арзан жолу менен ала турган жагы бүтүп калды. Эми анын жер алды менен казып иштетилүүчү жагы гана калды. Аны куруш керек. Аны курууга 100-150 миллион доллар керек. Буга биздин дараметибиз жетпейт.

Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча 2003-жылдын 31-декабрында кабыл алынган келишимди жокко чыгаруу боюнча сот иши 10-мартта болору күтүлүүдө. Ал эми өткөн жылы жайында түзүлгөн келишимдин тагдыры Жогорку Кеңештин колунда турат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG