Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:10

АКЧА ДЫЙКАНДАРДА ИЮЛДА, МУГАЛИМДЕРДЕ СЕНТЯБРДА БОЛОТ


27-февралда өкмөттүн жыйыны болуп, анда быйылкы жылы азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана мугалимдердин эмгек стажына жараша берилчү акчаны төлөө маселеси каралды. Жыйында мугалимдерге 2003-жылдан бери жыйналып келген карызды 2010-жылга чейин төлөп берүү боюнча токтом кабыл алынды. Бирок дыйкандардын түшүмүн алдын-ала сатып алууга акча бюджетке кошумча каражат түшсө гана бөлүнө турган болду.

Коңшулаш Казакстан буудай жана өсүмдүк майын сыртка чыгарууга чектөө киргизип, ал эми дүйнөлүк базарларда буудай баасы 25% чейин көтөрүлгөн чакта өкмөт жыйын куруп, быйылкы жылы азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн жазгы талаа жумуштарын уюштуруу жана дыйкандардан түшүмдү алдын-ала сатып алуу маселесин талкуулады.
Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министри Арстанбек Ногоев айыл-чарбасындагы кырдаалды татаал катары мүнөздөдү:

-Айыл чарбасында абал татаал бойдон калууда. Бардык жерде үрөндүн, жер семирткичтин жетишпегени, техникалардын эскиргени, күйүүчү майдын кымбаттыгы кендирди кесип турат. Күздүк 224 миң гектарга гана эгилди. План боюнча кеминде 286 миң гектар айдалыш керек эле. Акыркы жети жылда дан эгилген талаалар 120 миң гектарга кыскарып, түшүмдүүлүк 5 центнерге төмөндөдү.

Ногоев учурда министрлик айыл чарба жерлерин инвентаризациялоону колго алып жатканын кошумчалап, жергиликтүү бийлик башчыларына буудай, кумшекер жана май берүүчү эгиндерди көбүрөөк эгүүнү, ал эми дыйкандардан бир киллограм буудайды алдын-ала 12 сомдон сатып алууну сунуштады. «Мына ушундай жол менен өкмөт 110 миң тонна буудай сатып алыш керек. Бул үчүн бюджеттен 350 миллион сом бөлүүнү сурайбыз»,- деди Ногоев.

Бирок каржы министринин өкүлү быйылкы жылдын бюджети бекитилгенине байланыштуу каражат бөлүү мүмкүн эместигин эскертти.

Абалдан чыгуунун жолун өкмөт башчы Игорь Чудинов сунуштады:

-Бюджетке түшкөн кошумча каражаттарды 1-июлда караштырууда жергиликтүү дыйкандардан буудай сатып алууга акча бөлүүгө макулмун. Токтомго ушинтип жазалы. Бүгүн бөлө албайбыз. Эгерде бөлсөк анда башка тармактардан кесишибиз керек. Жалпысынан биз 60 миң тонна буудайды кол тийгис катары сактап, дагы кошумча 30 миң тонна буудайды жүгүртүүгө киргизүүгө даяр кармашыбыз керек.

Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министри ошондой эле дыйкандарга беш тоннага чейин үрөн, жер семирткич, 500 литр күйүүчү майды чек ара, бажыдан жеңилдетилген жол менен алып кирүүгө жол берүүнү сунуштады.

Бажы комитетинин башчысы бул маселе эсептелип, бюджетке канча каражат түшпөй калышы аныкталыш керектигин билдирди. Аны өкмөт башчы колдоду.

Жыйында каралган экинчи маселе мугалимдердин эмгек стажына жараша бериле турган каражат болду. Парламент мугалимдерге эмгек стажына жараша кошумча акы төлөө жөнүндө 2003-жылы мыйзам кабыл алган. Бирок ал аткарылбай келген. Натыйжада мугалимдер сотко кайрылууда. Учурда 300дөй мугалим сотко кайрылып, 40 миллион сомдук доо койгон. Карыздын өлчөмү болсо 2 миллиард 400 миллион сомго жеткен. Өкмөт эми аны быйылкы жылдын 1-сентябрынан тарта төлөй баштап, 2010-жылы төлөп бүтүүнү чечти.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG