Ал эми «туруктуулуктун он жылдыгына» келсек, Медведев бул пикирди бекеринен айтпады дешет. Болочок жетекчи бул жерде туруктуулук деп Брежнев тушундагы кой жуушаган кездегидей тунжуроону айтып атат деп бири айтса, экинчилери “жок, ал туруктуулуктун орусиялык саясий элитанын ичинде болушун каалап айтып жатат, Владимир Путин менен ал экөө биригип курган саясий режимдин бузулбашын, башкача айтканда, бийликтин гана туруктуулугун каалап ошондон тулам айтып жатат” дегендер да бар.
Болбосо карапайым калк үчүн туруктуулук – бул баарыдан мурда ырааттуу жашоо, эч нерседен коркпой, кечинде болобу, түнүчүндө же күндүз болобу балдарын көчөгө мектепке, дүкөнгө, ойноп келүүгө үйдөн чыгарууну айтат, өңү-түсү бөлөк экен деп бирөөнүн сабап же союп кетүүсүн айтпайт дешет.
Эл алдында айткан сөзүндө Дмитрий Медведев коомдо эркиндиктин болушун оң баалайм деди:
-Бул жерде эркиндиктин бардык көрүнүшү тууралуу сөз болуп атат. Жеке эркиндик, экономикадагы эркиндик жана адамдын өзүн-өзү көрсөтө ала турган эркиндик тууралуу.
Байкоочулар мындай так айтылган ойдун артында кандай шаани жатканын азырынча билүү кыйын, эмне дегенде Путин деле оозеки эркиндикти урматтай тургандыгын айтып жүрбөйбү, дешет. Ошого карабай ал түзгөн режим акырындап адам укугун коргоочулар ишкердигин тушап салды, көз карандысыз басылма койбой баарын кыбың көз кылып салды дешет. Көчөгө адам өз ыктыяры менен чыкмак турсун, бийликти оозеки эле сыноого тыюу салып таштаса, кайдагы эркиндик дешет.
Айтылуу адам укугун коргоочу Сергей Ковалевдун пикири боюнча такты ээлегени жаткан президентти ким болбосун, алдын-ала билип алгандан кийин кайдагы шайлоо дейт:
-Шайлоо деген Орусияда жок, ал чийилип салынган нерсе, азыркы бийлик тушунда таптакыр чийилип калган нерсе.