Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:20

ЖУРНАЛИСТТЕР ҮЧҮН ЭЛЕКТРОНДУК СӨЗДҮК ТҮЗҮЛДҮ


“Азаттык” үналгысынын суроолоруна Кыргыз маалымат каражаттарынын энциклопедиялык сөздүгүнүн автору, Бишкек гуманитардык университетинин профессору, журналист, коомдук жана саясий ишмер Тилектеш Ишемкулов жооп берди.

-Тилектеш мырза, жаңы энциклопедиялык сөздүктүн маңызы эмнеде болот? Жаңы өнүгүп келе жаткан кыргыз журналистикасына бул сөздүк кандай салым кошо алат?

-Бул абдан орундуу собол. Анткени бизде ушул убакытка чейин жалпы эле массалык маалымат каражаттары боюнча түшүндүрмө сөздүктөр жок эле. Бул маселени эң алды болуп мына биздин кыргыздын улуттук алты томдук энциклопедиясынын редакциясы тарабынан мага сунушталган болчу. Мен бул кыргыз улуттук энциклопедиясынын басма сөз, радио-теле көрсөтүү, маалыматты коммуникациялык багыттары боюнча редакциялык кеңешинин төрагасы болуп шайлангам. Ошондуктан бул сөздүктү түзүп чыгуу, массалык маалымат каражаттарынын атоолорун, терминдеринин энциклопедиялык сөздүгүн түзүп чыгуу тапшырмасы менин мойнума жүктөлгөн эле. Мен бул ишти толук бойдон аткарып бүттүм.

А тамгасынан Я тамгасынан чейинки алфавиттик тартип менен жайланышкан бардык туюнтмаларды, сөздөрдү, атоолорду, терминдерди, басма сөз, радио угузуу, телекөрсөтүү, жарнак тармагындагы электрондук журналистика, ошондой эле коммуникативдик каражаттар, кыскасы жалпы эле массалык маалымат каражаттары менен массалык коммуникалдык каражаттарда кезиге турган бардык түшүнүктөр камтылды. Негизинен ага баш-аягы болуп, бир жарым миңге чейинки жаңы атоолор, бүгүнкү илимий изилдөөлөрдүн бийиктигинен алынган заманбап, чечмелөөгө мындайча кабыл болду деп айта алам.

-Тилектеш мырза, сиз түзгөн энциклопедиялык сөздүктү журналисттерге, маалымат каражаттарына өзүнчө бир китеп кылып, окутуу китеби катары жеткирүүгө кандай мүмкүнчүлүк бар? Кантип жеткиресиз?

-Биз ушул маселени кароолго кармап бутага алып турабыз. Азыр биздин кыргыз улуттук энциклопедиясынын бир тому жарык көрүп, сатууга түштү. Ошого 50-60ка жакын термин кошулду. Экинчи жана үчүнчү тому азыр даярдалып, терилип бүтүп, ушул жылдын ортосуна чейин жарыкка чыгат. Ага дагы 150-200гө жакын термин кирет. Ошентип жылып отуруп, жылдын аягына чейин болобу, иши кылып массалык каражаттар кандай болсо, биздин улуттук энциклопедиянын редакциясы тарабынан, анда ошол алты томго толук мен даярдап чыккан терминдердин бардыгы камтылат.

Албетте алардын айрымдары кыскарып калышы мүмкүн. Бирок мен иштеп чыккан бир жарым миңге жакын жалпы атоолорду мен өзүмчө китеп кылып чыгарууга аракет кылам. Алардын бардыгы даяр болуп калды. Кичине каражат жагын дагы издешип жатабыз, балким өзүбүздүн Бишкек гуманитардык университетинин ректораты чечим кабыл алса, анда өзүбүздүн типографиядан чыгарып, саналуу өлчөмдө болсо дагы ушул журналистика факультеттери, бөлүмдөрү бар жогорку окуу жайларына таратып жиберсек, ошондой эле практикалык деңгээлде иштеп жаткан бүгүнкү биздин басма сөздөгү радио-теле уктуруудагы жарнак-көрнөк тарабында иштеп жаткан журналисттерге жакшынакай эле кошумча күч болот эле деп ойлойм.

-Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG