Италия, Германия, Чехия, Кытай жана Түркия баштаган сегиз мамлекеттеги жеңил өнөр жай тармагына керектүү техникаларды чыгарган ири ишканалар өз продукцияларын Бишкекте өтчү “Мода өнөр жайы - 2008” көргөзмөсүндө сунушташмакчы. ”Легпром” ассоциациясынын деректири Сапарбек Асановдун “Азаттыкка” билдиришинче бул иш-чарага Кыргызстандан элүүдөй кийим-кече тиккен ишкана катышып, Казакстан жана Орусиядагы ишкерлер менен бир топ келишимдерге кол коюлушу болжолдонууда. C. Асановдун маалымдашынча азыр өлкөнүн жеңил өнөр жайындагы абал жаман эмес жана экспорт жылдан-жылга көбөйүүдө. Маселен былтыр Кыргызстанда тигилген кийим-кечелерди сыртка жөнөтүү мурдагы жылга салыштырмалуу эки эсеге өскөн. Мода өнөр жайына арналган көргөзмө Кожомкул атындагы спорт сарайда 29-февралда башталып 4-мартка чейин уланат. (EBM)
13:25 Кыргызстанга жеңил өнөр жай тармагындагы чет өлкөлүк ири ишканалардын өкүлдөрү келет