Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:45

ОРУС ТЕМАСЫ ХИЛЛАРИ КЛИНТОНДУ КЕПКЕ КЕМТИК КЫЛДЫ


Амирбек Усманов, Прага АКШ президенттигине талапкер Хиллари Клинтон 4-мартта Техаста жана Огайодо болчу чоң таймаштын алдында саясатчы үчүн уяттуу окуяга кабылды. Ал шейшемби күнкү теледебатта Орусиянын эмки президенти деп айтылып жүргөн Медведевдин атын эстей албай кыйналды. Эрөөлгө анын демократ-атаандашы Барак Обама да катышып жаткан. Хиллари айымды осол акыбалга кабылткан бул окуя сыналгы каналдар жана интернет сайттар үчүн жакшы күлазык болду. Бул окуя тышкы саясат маселесин келерки праймериздердин негизги темасына айлантышы мүмкүн.

Шейшемби күнкү теледебаттын алып баруучусу Хиллари айымдан Владимир Путинден кийин болчу Орусия президентинин аты жөнүн сурап калбаспы?!

Руссерт: - Ал ким? Сиз анын ысымын билесизби?
Клинтон: - Мед, ыы..
Руссерт: - Медведев.
Клинтон: - Медведева беле?
Руссерт: - Ооба.
Клинтон: - Ооба. (Күлкү)

Клинтон айым буга чейин Барак Обамага караганда тажрыйбалуу да, президент болгонго даярдыгы да мыкты экенин дембе-дем айтып жүргөн.

Жалпысынан эки талапкер тышкы саясат боюнча окшош көзкарашта. Ошол эле сыналгы эрөөлдө Клинтон Орусия саясатына мындай токтолду:

- Биз Орусиянын Европадагы ролун кайра карап көрүп, ошондой эле алар Ирандын ядролук дымагын колдоп келтирген зыяндарга байланыштуу Орусия боюнча бир кыйла реалдуу жана натыйжалуу стратегия иштеп чыгышыбыз абзел.

Ал эми Барак Обама болсо:

- (Президент Буш) Путин менен кездешкенде көзүнө карап, аны менен иштешсе болот деп чечкен. Ошонон кийин Путин өлкөдөгү оппозицияны муунтту жана колуна бийликти топтогон соң европалык коңшулары менен мурдакы Советтер Союзунун сателлит (жумурияттарына) кылычын жалаңдатып, биздин мамилебизге кол шилтеп койду.

Обама Клинтондон айырмаланып, Ирак согушуна башынан каршы чыккан. Ал президент болуп шайлансам, күчкө эмес, дипломатияга таянам, Куба жана Иран сыяктуу жоолош өлкөлөрдүн лидерлери менен бетме-бет сүйлөшөм дейт.

- Улуттук чалгындоонун акыркы баасы боюнча, биз (ирандыктар) менен кездешип сүйлөшкөндө, аларга бал менен камчыны сунуш кылсак, алар жүрүм-турумун өзгөртөт деп ойлойм. Бул жол миллиарддаган долларды, миңдеген адамдардын өмүрүн талап кылбайт жана өлкөнүн дүйнөдөгү абрюна доо кетирбейт.

АКШ президенти саясый чечимди Улуттук чалгындоо баасына таянып кабыл алат.

Хиллари Клинтон АКШ менен каршылашкан өлкөлөрдүн лидерлери менен сүйлөшүүнү акылы жоктук жана тышкы саясатты билбеген адамдын сөзү деп эсептейт:

- Эгер мен президент болсом, Америка биздин жоолорубуз менен кездешкенге дагы кубаттуу болот. Бирок Иран же Түндүк Корея, же Венесуэла, же Кубанын башчылары менен кездешүүнү шарты жок туруп пландамак эмесмин. Бул диктаторлордун эмне көздөгөнүн жана ниетин төмөнкү деңгээлдеги дипломаттык каналдар аркылуу билгенден кийин гана сүйлөшүүгө бармакмын.

Вашингтондун тышкы саясаты боюнча чыныгы эрөөл-талаштар Демократтык жана Республикачыл партиялардын улуттук курултайында президенттикке талапкердин ысымы аталгандан кийин башталат. Деген менен, республикачылар МакКейнди талапкер катары тандаары азыртан эле маалым.

Демократ-талапкерлердин кимиси күчтүү экени 4-марттагы праймеризде айкын болот. Ага чукул калганда Хиллари айымдын президент Путиндин "мураскеринин" фамилиясын эстей албай кыйналганы, анын атаандашынын кыбаасын кандырбаганда да, кошумча упайын колдон түшүрдү.

XS
SM
MD
LG