Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:15

А.ЖЕКШЕНКУЛОВ: БИЙЛИК ДАГЫ, ОППОЗИЦИЯ ДАГЫ КАТА КЕТИРГЕН


Маектешкен Венера Сагындык кызы, Прага “Азаттык” үналгысынын суроолоруна “Акыйкат үчүн” кыймылынын координатору, Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов жооп берди.

-Аликбек мырза, бүгүн “Акыйкат үчүн” кыймылынын координациялык кеңеши өтөт экен, анда кандай маселелер каралган жатат?

-Ооба, бүгүн буюрса координациялык кеңеш өтөт. Ал жерге Коомдук парламенттин жетекчилери дагы катышат. Биз үч маселени талкуулаганы жатабыз. Биринчиден, биз алгачкы жолу өзүңөр билесиңер, Коомдук парламенттин мүчөлөрү элүү деп айтканбыз. Бүгүнкү күндө региондордон, ар кайсы коомдук уюмдардан парламентке келе турган каалоочулар абдан көп болуп жатат. Оштон, Жалалабаттан, Баткенден, Нарындан, Ысыккөлдөн, Таластан келип жатышат. Коомдук парламенттин курамын кеңейтүү сунушу болду.

Экинчиден, Коомдук парламентке үч комиссия шайлайбыз деп жатабыз. Экономикалык, социалдык жана коопсуздук маселелери каралат. Үчүнчүдөн, бул бийликтин келгенине 24-мартта үч жыл болот. Ошол үч жылдан бери кандай өзгөрүүлөр болду, келечеги кандай болот? Ушуну талкуулайлы деген сунуштар түшүп жатат. Буюрса, түштөн кийин билинип калат. Коомдук парламенттин координациялык кеңеши бекиткенден кийин.

-Өзүңүз дагы окуп жатсаңыз керек, азыр “мурдагы министрлер менен депутаттар кирген Коомдук парламенттен кандай иштерди күтсө болот?” деген скептикалык пикирлер жарыяланып жатат. Ошондой сынчыл пикирлерге эмне деп айтаар элеңиз?

-Убакыт көрсөтөт, бул жерде негизинен биз мыйзам ченемдүү иштерди аткарып жатабыз, Кыргызстандын орчундуу саясий-экономикалык маселелерин карайбыз. Менимче, элдин арасында коомдук парламенттин аты дагы, аброю дагы өсүп жатат. Анткени биз баштаганда эле силер мурун айтып кетпедиңерби, энергетика маселесин караганбыз. Абдан профессионалдуу эксперттер иштеп, жакшы докладдар болду, коомчулукта дагы жакшы пикирлер болду.

-Кечээ дагы орусиялык маалымат каражаттарында пикир жарыяланды. Орусиялык эксперттер айтып жатышат, Кыргызстандагы элдик ыңкылап өз максаттарына жетпей, демократия багытында эч кандай деле чоң өзгөрүү алып келбегендиктен Орусиянын Борбор Азиядагы ролу, таасири күчөдү. Кыргызстандагы ыңкылап Борбор Азиядагы жалпы демократиялык өнүгүүгө абдан чоң зыянын тийгизди деп. Ушуга кандай пикир айта алат элеңиз?

-Бул жерде мен ойлойм Орусия таасир этпей эле өзүбүздүн саясий абалыбыз курчуду. Анан демократия күчөдүбү же авторитаризм күчөдүбү - муну кыргыз эли билет. Бул жерде мен ойлойм, тышкы иштер фактор таасир эткен жок. Биз өзүбүз ушуга алып бардык. Анткени мурда бийлик дагы, оппозиция дагы көп кемчиликтерди кетирген. Бирок бүгүнкү күндө ушул бийликке каршы турган кишилер көбүнчө конструктивдүү маселелерди көтөрүп, Кыргызстандын элин, келечегин ойлойгон кишилер. Шашпастан, бардыгын салмактап туруп иш кыла турган кишилер. Ошондуктан мен ойлойм буюрса жакшы эле болот.

-Курманбек Бакиев ушул аптада Орусиялык “Russia Today”, РИА Новости агенттиктерине маек куруп берип, ошондо сөзсүз АКШ базасын чыгаруу маселесин көтөрөбүз деп убада кылды. Бул АКШ базасы азыркы кыргыз бийликтерине саясий маселеде ыңгайлуу курал болуп калган жокпу?

-Албетте, муну курал катарында пайдаланып жатышат. Бирок менимче мындай билдирүүлөр менен Кыргызстан утпайт. Анткени айтып коюп жасалбай калууда, же болбосо Орусия менен Кытай, ШКУ мамлекеттерине дагы, эки тарапка тең терс таасирин тийгизет. Ошондуктан ким кеңеш бергенин, ушул тышкы саясатты тейлеген дипломаттар болобу, кеңешчилер болобу абдан чон ката кетиришкен.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG