Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:07

18:10 Майлысууда электр шамдарын чыгаруучу заводдогу иш таштоо төрт күндөн бери уланууда


Иш таштагандардын катарына 29-февралда заводдун спираль жана цоколь чыгаруучу цехтери да кошулду. Ишканада иштебей олтургандардын саны болжол менен эки миңден ашты. Алар ноябрь, декабрь жана январь айларынын эмгек акыларын 5-мартка дейре төлөп берүүнү, заводдун чарбалык ишин текшерүү үчүн комиссия жиберүүнү жана өкмөт башчы Игорь Чудиновдун келүүсүн талап кылышууда. Мындай маалымат заводдун цех башчысы Рустам Абдувалиевден алынды. Ал заводдун эмгек акы, электр жарыгы, табийгый газ жана башка чыгымдар үчүн карызы 330 миллион 350 миң сомго жеткенин билип чыккан. Кечээ жумушчулар менен жолугушкан губернатордун орунбасары Айбек Акбаровдун түшүндүрмөсүндө, завод февраль айыныкын кошуп эсептегенде маянага 38 милион сом карыз, күнүнө 500-700 миң сомдон айлык берилип жатат, бирок ал маселени чече албайт. (YA)

XS
SM
MD
LG