Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:42

ТҮРКИЯ АСКЕРЛЕРИН ТҮНДҮК ИРАКТАН ЧЫГАРА БАШТАДЫ


Амирбек Усманов, Прага Кошмо Штаттары Түркияны өз аскерлерин тезирээк Түндүк Ирактан --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/security/ky/2008/02/2A8EE140-EE5C-42E7-B789-E37927E01445.asp чакырып кетүүгө чакырды. Президент Жорж Буш Акүйдө жасаган билдирүүсүндө операция күрт согушчандарына каршы багытталып, көпкө созулбаш керек экенин эскертти. Түндүк Ирактагы Күрт жумушчу партиясынын аскерий базаларына сокку уруу үчүн бир жума мурда Анкара аймакка миңдеген аскерин жөнөткөн.

Президент Буш бейшемби күнү АКШнын мурда айткан талапты кайталады - Анкаранын Түндүк Ирактагы Күрт жумушчу партиясы - КЖПнын согушчандарына каршы операция туруктуу мүнөзгө ээ болбош керек:

-Чабуул убактылуу мүнөзгө жана чеги менен болуш керек. Башкача айтканда, узакка созулбашы керек. Түрктөр ыкчам кыймылдап, өз максатына жеткенден кийин (Түндүк Ирактан) чыгып кетиши керек.

Жорж Буш буга дейре Анкарага жасалган ушундай кайрылуулар жооп калбадыбы деген кепти, негизсиз деп четке какты.

Анкара азырынча президент Буштун чакырыгына ырасмий жооп бере элек. Бирок Түркиянын NTV телеканалы жума күнү түркиялык аскерлер Ирактын түндүгүнөн чыгарыла баштаганын кабарлады.

Түркия айрым күчтөрүн чыгарып кеткенин Күрт жумушчу партиясынын өкүлү Ахмед Деңиз жана Ирактын тышкы иштер министри Хошияр Зебари да тастыкташты. Деген менен, Түркия операция башталганда киргизилген аскерлерин жаңы жана мыкты куралданган күчтөр менен алмаштырды деген да маалыматтар бар.

Кээ бир серепчилер Түркиялык аскерлердин күрт жикчилерине каршы чабуулу максатына жетпегенин жана келечекте дагы кайталана турганын айтышат. Вашингтондогу Эларалык жана стратегиялык изилдөөлөр борборунун Түркия боюнча долборунун жетекчиси Бюлент Алиреза “Азаттыкка” берген интервьюда түркиялык күчтөрдүн Түндүк Ирактагы операциясы ийгиликке жетерине ишенбейт:

-Түркия Ирактын түндүгүндөгү КЖПнын согушчандарына биротоло жок кыла алабы? Албетте жок. Түркия буга дейре да 20 жолу жана азыркыдан көп күчтөр менен аракет кылган. Анкарада өлкөсүнө каршы террордук чабуулдарды уюштурган уюшмага каршы аскерий операция өткөрүүгө акысы бар. Бирок террорчуларды чет өлкөдө биротоло жок кылат деп айтуу өтө эле талаштуу маселе.

Былтыр ноябрда премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган АКШда ырасмий сапар менен болуп кайткандан тарта Вашингтон күрт согушчандарына байланыштуу чалгындоо маалыматтарын Анкара менен бөлүшө баштаганы маалымдалган.

XS
SM
MD
LG