Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:57

29-ФЕВРАЛЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Кыргызстандын Ички иштер аскер бөлүктөрү 1992-жылдын 29-февралында өлкөдө орун алган аэродромдорун курчоого алышты. Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматовдун АКШга болгон иш-сапары 2004-жылдын 29-февралында соңуна чыкты.

Жылдын ашык күнү Юлиандык календарь реформасына ылайык киргизилген. Календарлык айлампада 29-февраль төрт жылда бир келип, адамзат аңдоосунда ал таңкалыштуу күн катары каралат.

Адам баласы үчүн бул күнү жарык дүйнөгө келмек шансы 1:1461 даража менен өлчөнөт. Батыш космогониясында 29-февраль бактысыз күн деп бааланат. Ишенимге ылайык, бул күнү айбанат ооруп, дарак куурап, үй бүлөөдө жаңжал чыгат имиш.

Кыргызстандык корейлер 1992-жылдын 29-февраль күнү Алмата шаарында өткөн Бүткүл союздук советтик корейлер ассоциациясынын курултайына катышышты.

«Слово Кыргызстана» кезити 1996-жылдын 29-февраль күнү «Бакай» АОсунун директору М. Ибрагимов менен «Эридан» фирмасынын башкы директору Э. Үсөновдун ачык катын жарыялады. Аталган адамдар «Вечерний Бишкек» гезитинде жарык көргөн «Карман полной лжи» («Чөнтөк толо жалган») макаласы премьер-министр А. Жумагуловдун ар-намысына шек келтирээрин белгилешкен. Аталган адамдар өкмөт башчысына арача түшүп, ар-намысын коргоого даяр экендигин билдиришкен.

Кыргызстан эгемендик алгандан кийин өлкө аймагында орун алган советтик аскер техникаларды ыйгаруу маселеси ортого чыккан. Өлкөнүн Ички иштер аскер бөлүктөрү 1992-жылдын 29-февралында Кыргызстанда орун алган аэродромдорун курчоого алышты.

Буга чейин аскер учактарын Орусияга чыгарылып жатышына байланыштуу кыргыз өкмөтү аскер техникаларын сыртка чыгарбоо туурасындагы токтом чыгарган. Ички иштер аскер бөлүктөрү да өкмөттүк токтомго таянып аталган операцияны уюштурушкан. Бирок Л-39 маркасындагы окуу-машыгуу багытындагы 34 самолет буга чейин Барнаул шаарына учурулуп кеткендигине байланыштуу, операция жылдын ашык күнүндөй убакыт короткон жараксыз абалга жетти.

Советтик коммунисттердин 2004-жылдын 29-февралда өткөн кезектеги съездинде Советтер Союзунун коммунисттик партиясын калыбына келтирүү чечими кабыл алынды. Съездге Кыргызстан коммунисттери да катышып, алар КПССтин устав жана программасын толук колдой тургандыгын билдиришти.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматовдун АКШга болгон иш-сапары 2004-жылдын 29-февралында соңуна чыкты. Тышкы иштер министри бул жолу АКШ мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл, Дүйнөлүк банктын аткаруучу директору Пьетро Вельо жана башка расмий бийлик өкүлдөрү менен жолугушту.

Министр А. Айтматов Карнеги атындагы фонддо сүйлөп, Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан демократиялык реформа туурасында билдирүү жасады. Мындан тышкары ал Юта штатынын жетекчилиги менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү тегерегинде сүйлөшүү жүргүздү.
XS
SM
MD
LG