Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:09

УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ БОЛУП Ш. ЖОРОБЕКОВА ШАЙЛАНДЫ


29-февралда өлкөнүн Улуттук илимдер академиясынын академик-окумуштуулары ушул илимий мекеменин президенти кылып химия илимдеринин доктору, академик Шарипа Жоробекованы шайлашты. Илимий мекеменин жетекчисин шайлоого 40 академик катышты. Айрым окумуштуулар заманга жараша улуттук илимдер академиясын реформалоонун зарылдыгын да айтышты.

Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, академик Аманбек Жайнаковдун айтымында, шайлоо мөөнөтү келгендигине байланышуу президентти шайлоого 40 академик катышты. Илимдер академиясынын окумуштууларынын жыйынында жаңы президентке талапкерди вице-премьер-министр Нур уулу Досбол сунуш кылды. Талапкер академик Шарипа Жорбекова буга чейин президенттин милдетин аткарып келген.

Академик Мамбет Мамакеев башында турган шайлоо комиссия мүчөлөрү жашыруун добуштарды санаганда 40 академиктин отуз тогузу Шарипа Жоробекованын талапкерлигин колдоп беришкени анык болду.

Ошентип кыргыз улуттук илимдер академиясынын тарыхында алгач ирет аялзатынан химия илимдеринин доктору, академик Шарипа Жоробекова беш жылдык мөөнөткө президент болуп шайланды.

Улуттук илимдер академиясынын академиги, суу көйгөйлөрү жана гидро- энергетика инситутунун директору Дүйшөн Маматканов өлкөдө илим тармагына жакшы көңүл бурулбай келатканын айтып, жаңы жетекчи учурга ылайык илимий мекемени реформалап, жаңы түзүм менен иштээрине ишенимин билдирди.

Улуттук илимдер академиясын акыркы жети жыл академик Жаныбек Жеенбаев башкарып, жигердүү иштегени да айтылды. Академик Жаныбек Жеенбаев катуу оорудан кийин былтыр 27-апрелде каза болгон. Учурда президенттин милдетин мурдакы вице-президент, химия илимдеринин доктору, академик Шарипа Жоробекова аткарып келген.

Улуттук илимдер академиясынын президенти болуп жаңы шайланган академик Шарипа Жоробекова бул илимий мекеменин түзүмүн кайра түзүү менен өлкө экономикасына салым кошо турган тармактарга басым жасалаарын айтып, бул илимий мекемени реформалоого мезгил жеткенин билдирди.

Өлкөдө илим-билимдин өнүгүшүнө салым кошкон Улуттук илимдер академиясынын түптөлүшүнө белгилүү окумуштуу Константин Скрябиндин салымы зор болгон. Ал эми Кыргыз улуттук илимдер академиясынын алгачкы президенти медицина илимдеринин доктору, профессор, академик Иса Ахунбаев бул илимий мекеменин калыптанышына үлүшүн кошкон. Ахунбаевден кийин бул илимий мекемени 18 жыл бою академик Курман-Гали Каркеев башкарып, бир катар илимий институттардын ачылышына себепкер болгон.

Андан кийин академик Муса Адышев бир жылдан ашуун жетекчи болсо, 8 жыл Мурзабек Иманалиев президент болуп иштеген. Улуттук илимдер академиясын эки жыл башкарган академик Николай Лавровду академик Аскар Акаев алмаштырып, өлкө жетекчиси болгонго чейин үч жыл ушул мекемени башкарган.

Акаевден кийин дагы үч жыл улуттук илимдер академиясына Илгиз Айтматов президент болуп турду. 1993-жылдан 1997-жылга чейин өлкөнүн башкы илимий мекемесин академик Турат Койчиев жетектеди.

Эми Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу кыз-келиндердин өкүлү Шарипа Жоробекова жетекчи болуп шайланды. Ал 63 жашта. Химия илимдеринин доктору. Эки кызды тарбиялап өстүрүп, бир нече жээндерге таяэне.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG