Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:38

БРИТАН КАНЗААДАСЫ ТАЛИПТЕРГЕ КАРШЫ УРУШКА КАТЫШУУДА


Элеонора Куленбекова, Прага ш. Британиянын азыркы канзаадаларынын бири Гарри - маркум канбийке Диана менен канзаада Чарлздын уулу, - британ тактысына отура турган мураскорлордун бири катары жакшы маалым. Канзаада Гарри ушул тапта Ооганстанда талиптерге каршы салгылашып жатат. Эки айдан ашуун убакыттан бери ал Гелманд вилайетинде урушка катышып жүргөнүн Британиянын Коргоо министрлиги да тастыктады, бирок жакын арада ал уруш аймагынан чыгарылып кетээрин да министрлик кошумчалады.

Канзаада Чарлз менен маркум канбийке Диананын кенжеси, 23 жаштагы Гарри бери дегенде төрт айдай Ооганстанда кызмат кылаары күтүлгөн болчу.

Ошентип, канзаада Гарри учурда Ооганстанда салгылашып жатканы тууралуу маалымат интернет аркылуу бүт дүйнөгө жайылган соң, Британ коргоо министрлиги жакын арада аны согуш аймагынан чыгарып кетүү тууралуу чечим кылды.

28-февралда немистик, австралиялык, америкалык интернет сайттар Гарринин Ооганстанда кызмат өтөп жатканын ачыктап салган соң, британ министрлиги ушундай кадамга барууга аргасыз болду.

Ошондой эле, британ коргоо министрлиги жаштар өтө кызыккан бир видео тасманы интернетке чыгарды. Анда былтыр жыл соңунда Ооганстанга жиберилип, үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларында Ооганстандын Гелманд вилайетинде кызмат өтөп келген канзаада Гарринин мындайча сүйлөп жатканы камтылган:

- Эч ким менин кайерде экенимди так билбейт. Мен да азырынча муну жашыруун сактап турам. Кайра аман-эсен кайткан соң гана кайсы жерде кызмат өтөгөнүмдү ачыктап айта алам.

Ал Ооганстандагы 7700 британдык жоокердин бири катары кызмат өтөөдө. Айтмакчы, ал акыркы чейрек кылым ичинде ушундай уруш аймагында кызмат өтөгөн алгачкы британ канзаадасы.

Ал эми талиптерге келсек, алардын басма сөз өкүлү Кары Йусуф Ахмади “Азаттыкка” Гарринин өздөрүнө каршы уруштагы ролу тууралуу мындайча баасын айтты:

- Канзааданын бул жакта болушу согушка эч деле таасир тийгизбейт, анткени Ооганстанда андан алда канча тажрыйбалуу жоокерлер бар. Биз ага катардагы эле жоокер катары мамиле кылабыз.

Ооганстандын Коргоо министрлигинин басма сөз өкүлү генерал Азими болсо, тескерисинче, канзаада Гарринин кызматы эл аралык антитеррордук коалициянын жоокерлерин шыктандырган олуттуу иш болгонун “Азаттыкка” билдирди:

- Англиянын канзаадасы сыяктуу мартабалуу кишилердин бул жакта болуп жатышы бардык НАТО аскерлерине моралдык колдоо болуп саналат. Өзгөчө алсак, британ аскерлерине өз өлкөсүнүн төбөсү көрүнгөн инсандары өздөрүнүн жанында чогуу салгылашып жүргөнүн көрүү - абдан чоң таасир калтырчу окуя. Саясий жааттан алсак, канзааданын Ооганстанда кызмат өтөп жатышы Ооганстан мамлекетине жана террочулукка каршы күрөштүн өзүнө карата өтө олуттуу колдоо болуп саналат.

Ооганстандагы британ жоокерлери канзаада Гарри өздөрү сыяктуу эле жагдайда кызмат өтөп жатканын, ага башкалардан айырмалуу болгон эч кандай жасалма шарттар түзүлбөгөнүн билдиришүүдө.

Айтмакчы, Кыргызстан да борбор шаардын жанындагы Манас аба майданында Батыштын аскер аба базасын жайгаштыруу аркылуу Ооганстандагы эл аралык террорго каршы иш-чараларга өз салымын кошуп келет. Кыргыз бийлиги Манас аба майданынын бир бучкагындагы АКШ жетектеген аскер аба базасы ооган өлкөсүндө акыбал турукташмайынча убактылуу сакталып кала берээрин жакында дагы бир жолу тастыктаган.

Сүрөт bbc.co.uk интернет баракчасынан алынды.

XS
SM
MD
LG