-Жоомарт, орус президенти Владимир Путиндин өз мураскорун дайындаганына көз карашыңыз кандай?
-Дмитрий Медведевди мураскор катары дайындашы - бул Путиндин саясатынын улантылып кете бере турганын билдирет. “Бирдиктүү Орусия” партиясынын программасын, максаттарын ишке ашыруу үчүн жасалган иш аракеттер деп баалайм. Мындай президенттин мураскору албетте президенттик шайлоодо утуп чыгат. Анткени программасы дагы күчтүү жана жасаган иштери да байкалып, башкалардан айырмаланып турат. Ошондуктан Дмитрий Медведев менин оюмча толугу менен утуп чыгат.
-Жоомарт, орус президенти Владимир Путиндин жүргүзүп жаткан саясатына кандай баа берет элеңиз? Айта кетчү нерсе, жөн гана мураскор эмес, Медведев Путиндин жердеши дагы эмеспи. Анын бул аракети Кыргызстанга окшогон өлкөлөргө дагы кандайдыр бир таасирин тийгизиши мүмкүнбү?
-Албетте таасирин тийгизиши мүмкүн. Мына жакында эле Казакстандан дагы үлгү алып, бизде дагы экинчи “Нур Отан” түзүлүп калды. Андан башка Путиндин мындай иш-аракеттери дагы бизге таасирин тийгизиши мүмкүн. Албетте демократиялык жактан жана ушул адамдардын укугу жагынан карасак мүмкүн муну мыйзам бузуу деп атасак болот. Мүмкүн моралдык жактан ошол мыйзамдарды бузуу болуп жатат. Анткени мыйзамдарды коюп, саясий плюрализмди жокко чыгарып жатканы туура эмес.
Бирок азыркы Орусиянын абалын, экономикалык өсүштү, стратегиялык программаларын мисалга алсак, стратегия жагынан карасак, албетте муну туура деп айтууга болот. Анан шайлоо кандай өтөөрүн азыр айтууга кыйын. Бирок Батыш өлкөлөрүнүн жана уюмдардын өкүлдөрү бул туура эмес деп айтып жатат. Шайлоодо бурмаланып калышып мүмкүн деген пикирлер арбын. Эми аны 2-мартта көрөбүз.
-Орусияда президент алмашса, анда Кыргызстан менен Орусия ортосундагы азыркы алакалар өзгөрүшү мүмкүнбү?
-Жок, менимче бул алакалар сакталып калат, бирок алардын сакталышы биринчи кезекте биздин мамлекеттен жана ошол Орусиядан дагы көз каранды. Анткени биз кандай мамиле кылабыз, кандай иш-аракеттерди алып барабыз, койгон максаттарыбызды, берген сөздөрүбүздү аткарабызбы, же баягыдай эле шамал урса оңго-солго секирип, АКШ менен Орусиянын ортосунда жүрө беребизби деген ой болуп жатат. Менимче, Медведевдин келиши менен Орусиянын бизге карата мамилеси өзгөрбөйт. Анткени Кыргызстан Орусияга стратегиялык, тарыхый, экономикалык жана геосаясий жактан абдан чоң кызыгууну жаратат.
-Орусияда Путин өзүнүн мураскорун атап, калтырып жатат. Жоомарт, келечекте бизде азыркы өлкө башчысы дагы коншу Орусиядан үлгү алып, ошентип өз мураскорун калтырып кетеби?
-Биринчиден, мураскор таштаар алдында мамлекеттин ичинде бир нерсе кылып, кандайдыр бир натыйжаларга жетиш керек. Мураскор ошол программа менен иштеп кетүү үчүн экономикалык программа болуш керек. Анын мураскору дагы жок. Ал мураскорду даярдаш керек. Саясий, экономикалык жана идеологиялык жактан дагы. Мен айта турган нерсе, Бакиевдин жасай турган иши - эркин, мыйзам бузбастан шайлоого барышы керек.
-Маегиңизге ырахмат.