Кайрылууда укук коргоочулар министр И. Болжурованы Бишкек шаардык мэриянын окуучуларды ишембиликке тартуу демилгесине катышуудан баш тартууга чакырат. “Мэриянын бул иш-аракети Балдар укугу жөнүндөгү Конвенциянын 32-беренесине жана Балдар кодексинин 40-беренесине каршы келет деп айтылат кайрылууда. Укук коргоочулар министрликти балдарга билим берүү менен алектенүүгө, Шаардык мэрияны болсо башкалааны цивилизациялык дүйнөдө кабыл алынган ыкмалар менен тазалоого чакырышты. Кайрылууну Укук коргоочулардын координациялык кеңеши, “Тынчтык-маданият жарыгы” коомдук уюму, “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы, Жаштардын укугун коргоо тобу, “Психикалык саламаттык жана коом” коомдук бирикмеси жана башка бейөкмөт уюмдар жолдогон. (ZMa)