Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:58

АРМЕНИЯ: ДЕМОНСТРАНТТАР КАЙРА ЧОГУЛА БАШТАШТЫ (Сүрөт баян)


«Азаттыктын» армян кызматынын билдиргенине караганда, эртең менен күч менен таратылган демонстранттар Еревандын борборуна топтоло башташты. Армян баш калаасында бир нече күндөн бери президенттик шайлоонун жыйынтыктарына каршы акция өтүп жаткан эле. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму демонстранттарга каршы күч колдонууну айыптап, кармалган оппозиционерлерди кое берүүгө үндөдү.



Эртең менен жергиликтүү саат 7лерде полиция менен Ички иштер министрлигинин аскерлери демонстрация өтүп жаткан аянтты курчоого алып, демонстранттарга каршы жаш чыгаруучу газ, союлдарды колдонушту.



Армениянын мурдагы президенти, президенттик шайлоо катышкан Тер-Петросян үй камагына алынганын маалымдады. Кабарларга караганда, тартип коргоочулар элди автобустарга отургузуп, полиция бөлүмдөрүнө алып барган. Күбөлөрдүн айтымында, демонстранттардын арасында жарадар болгондор бар.



Тер-Петросян камакка алынганын алдында аянттагы окуяларды мындайча сүрөттөгөн эле:

Элдер тынч уктап жаткан кезде коопсуздук күчтөрү келип, аларды союлдар менен сабап киришти. Мен ошол маалда микрофондун жанында болчумун. Элди тынч болууга үндөдүм. Полиция адегенде эч кимди тийген жок, мен демонстранттарды алар менен кыжылдашпоого чакырып, байкайлы алар эмне кылышат дедим. Бирок биз менен эч ким сүйлөшкөн жок. Тартип коргоочулар күч колдоно башташты, - деди «Азаттыкка» Тер-Петросян.

Полиция алардын арасында да жарадар болгондор бар экенин, демонстранттарда курал-жарак табылганын кабарлоодо. Аянттагы чатырлар чыгарыла баштаганда, полиция журналисттерди да ал жерден кетирди. Кийинчирээк кээ бир демонстранттар Франциянын элчилиги алдына чогула башташты.



Оппозиция 19-февраль күнкү президенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразылыгын билдирип жаткан эле. Добуш берүүдө премьер-министр Серж Саркисян жеңди деп расмий жарыяланган. Оппозициянын кандидаты Тер-Петросян өкмөт башчы жыйынтыктарды бурмалаган деп айыптоодо.



Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму шайлоо негизинен эл аралык нормаларга ылайык жүргүзүлдү деген баасын берген эле. Европа биримдиги жана АКШ добуш берүү активдүү жана атаандаштык негизинде өттү деп, армян элин куттукташкан. Бирок алар шайлоодон кийинки абалдын курчушуна камтамачылыгын билдиришти.

Саркисян болсо кечээ дагы бир талапкер, ат салышты үчүнчү орунда аяктаган Артур Багдасарян менен коалициялык келишимге кол койду.

XS
SM
MD
LG