Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:49

ОРУСИЯНЫН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЖАРАНДАРЫ ӨЗ ДОБУШТАРЫН БЕРИШТИ


Орусиянын Кыргызстанда жүргөн жарандары да президенттик шайлоодо добуш беришти. Шайлоо комиссиясынын билдирүүсү боюнча, шайлоочулардын активдүүлүгү буга чейин болгон парламенттик шайлоого караганда жогору болду.

Орусиянын Кыргызстанда жүргөн жарандары үчүн добуш берүү Орусиянын Бишкектеги элчилигинин имаратында болду. Ал жерге жайгашкан шайлоо комиссиясы эртең мененки саат сегизде эшигин ачкычакты эле элүүдөн ашык адам имарат алдына чогулуп, ыкласын билдирүүгө ашыгышты. Ушундан улам шайлоо комиссиясынын төрагасы Владимир Пасохин буга чейинки Мамлекеттик Думага шайлоого караганда бул жолу шайлоочулардын катышы көп болот деген пикирин билдирди:

- Бул жолу шайлоочулардын катышы жогору болот деп турабыз. Анткени аны 20-жана 24-февралда мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн добуш берүү көрсөттү. Анда буга чейин болгон Мамлекеттик Думага шайлоо менен салыштырмалуу добуш бергендердин саны 20-25 пайызга көп болду. Мамлекеттик Думага шайлоодо добуш бергендердин саны 3 миң адам гана болчу. Бул жолу алдын-ала түзүлгөн тизме боюнча шайлоочулардын саны сегиз миң болуп турат. Мындан тышкары кошумча тизмеге келип кошулуп, добуш бергендер арбын болууда.

Элчиликтин басма сөз катчысы Виктор Харченконун маалыматы боюнча мөөнөтүнөн мурда добуш берүү февраль айында эки жолу Кант, Токмок, Карабалта, Аксуу шаарларында жана Сокулук, Жайыл райондорунда өткөрүлүп, добуш берүүгө катышкандардын саны парламенттик шайлоого салыштырмалуу жогору болгон.

Ал эми өз тандоосун билдирген жарандардын көбү президенттикке ат салышкан төрт талапкердин ичинен Путиндин мураскери болгон Дмитрий Медведевди жактагандыгын жашырышкан жок. Алардын бири, Бишкектеги уулунукунда коноктоп жүргөн пенсионер Людмила Серик мындай дейт:

-Ал саясий мейкиндикте пайда болгондон тартып өтө сүйкүмдүү. Аны мен өтө олуттуу, максатына жетүүгө умтулган эмгекчил саясатчы деп билем. Ал бийликке келсе Орусия үчүн көп иштерди жасап, өлкөдө туруктуулук болот жана пенсионерлер үчүн жакшы шарт түзөт деп ишенем.,- деп, коммунисттердин талапкери Геннадий Зюгановду өтө эле тоң моюндугу үчүн колдобой тургандыгын кошумчалады.

Дагы бир шайлоочу Сергей Чигринцев Медведевдин Путиндин жолун жолдой тургандыгы үчүн добуш бергендигин билдирди:

- Ал Путиндин изи менен кетип, Орусиянын келечеги үчүн биргелешип план түзгөндүгү менен мени ынандырды. Ал эми элдин жыргалчылыгы үчүн гана иштейт деп ойлойм.

Анткен менен кыргыз саясатчыларынын көбү Орусия президенти ким болору күн мурунтан белгилүү болгондуктан шайлоого кызыгууну жараткан жок деген пикирде. Алардын бири, “Ар намыс” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Бөдөш Мамырованын пикиринде бул коомдо тандоо принцибин жоготуп, КМШдагы Орусияны туураган башка мамлекеттерге терс үлгү бериши толук мүмкүн:

- Буга абдан этият болуш керек. Анткени азыр баары эле Орусияны карап турушат. Орусияда шайлоонун кандай технологиясы колдонулса, ошол эч өзгөрүүсүз эле КМШ мамлекеттерине жайылып келатат. Башка талапкерлер көмүскөдө калып эле бийлик көрсөткөн талапкердин пайдасына чечилген технология кооптондурат. Бул бизге түздөн-түз терс таасирин тийгизет.

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова:

- Башынан эле Медведев жеңээри баарыга белгилүү. Ошон үчүн муну шайлоо деп айта албайбыз. ,- деп, мындай жасалма шайлоонун өтүшү коомдун укуктук аң-сезимин жогорулатуу зарылдыгы бышып жетилгендигин аныктады деп белгиледи.

Ал эми “Таза коом” саясий партиясынын жетекчилеринин бири Табылды Акеров Орусия кептелип турган геосаясий кырдаал жана мамлекеттин бекемдигин камсыздоо зарылдыгы ушундай шайлоо өткөрүүгө мажбур кылды деген ойдо. Чыгыш Европа, Кавказда болуп жаткан саясий окуялар Орусиянын саясатчыларын президенттик тактыдан мурун мамлекеттин бүтүндүгүн ойлонууга мажбур кылууда дейт Табылды Акеров:

- Орусияда президенттик шайлоо өлкөнүн коопсуздугуна көз каранды. Анткени Чеченстандагы согуштан кийин бул маселеге өтө астейдил мамиле кылып калышкан. Азыркы шайлоо да ошон негизде өтүп жатат. Негизги себеби Орусия бөлүнүп кетпеси үчүн кооптонуу менен ушундай шайлоо системасына өтүүгө мажбур болуп жатат. Аны саясатчылар да түшүнүу менен карап, өздөрү да өтө чуулуу кампания жүргүзүүдөн баш тартып турушат.

Орусиянын Кыргызстандагы шайлоо участкасы ишин кечки саат сегизде токтотуп, добуш берүүнүн алгачкы жыйынтыгын дүйшөмбү күнү эртең менен жарыя кылат.

XS
SM
MD
LG