Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:31

3-МАРТ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желеги 1992-жылдын 3-март күнү кабыл алынган. Фрунзе шаарындагы аскер кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө жардам берүүнүн он күндүгү 1944-жылдын 3-мартында соңуна чыкты.

Россия империясында падышалык бийлик кулатылгандыгы туурасында телеграмма Пишпек шаарына 1917-жылдын 3-март күнү урулган.

Кыргыз коомчулугу 1934-жылдын бул күндөрү Фрунзе-Рыбачье-Нарын-Торугарт-Ошту бириктире турган улуу кыргыз жолунун курулушу туурасында кабардар болду. Кыргыз областтык ВКП (б) менен Кыргыз АССРинин Элдик комиссарлар кеңеши өлкө аймактарын бириктире турган жолдун курулушун 1935-жылга бүткөрүлөт деп убада берген. Бирок жол курулушу адегенде пландаштырылган маршрут боюнча аткарылбай, Ош аймагына кеткен жол Фрунзе-Кара-Балта-Суусамыр аркылуу салынган.

Фрунзе шаарындагы аскер кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө жардам берүүнүн он күндүгү 1944-жылдын 3-мартында соңуна чыкты. Согуш маалындагы оор абалга карабастан шаардыктар жардам үчүн 260 миң накталай акча, 1645 жуп ич кийим, 2500 жуп байпак, 523 жуп бут кийим жана арбын тамак-ашы менен кайрылышкан. Мындан тышкары, жумушчулар аскер кызматчыларынын балдары үчүн бир эмгек күндү бекер иштеп берүү убадасын беришкен.

Борбор шаардын искусство күйөрмандары 1944-жылдын бул күндөрү Крупская атындагы орус драма театрында коюлган «Мылтыкчан адам» аттуу пьесанын бетачаарына ортоктош болушту. Пьеса Н. Погодиндин чыгармасына ылайык коюлуп, театр артисттеринен революциялык реализмди жаратууда чыгармачыл эле эмес, «саясий чеберчилик» да талап кылынган.

Бүткүл дүйнөлүк пролетарийлердин жол башчысынын ролун аткаруу республиканын эмгек сиңирген артистти С. Дигамга жүктөлүп, кадимки Сталинди чагылдыруу милдетин республиканын эмгек сиңирген артисти А. Балаев алган. Партиялык жана театр сынчыларынын пикирине ылайык, эки искусство чебери тең оор милдетти татыктуу аткарып, жалындуу революционерлердин образын көрүүчүлөргө жеткире алышкан.

Кыргызстан коммунисттик партиясынын XIV съезди 1966-жылдын 3-мартында ишин баштады.

Кыргызстан коммунисттик партиясынын XV съезди 1971-жылдын бул күнү ишин баштады.

Кыргызстан ВЛКСМинин XI съезди 1958-жылдын 3-мартында өткөрүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желеги 1992-жылдын 3-март күнү кабыл алынган. Жогорку Кеңештин токтомуна ылайык Кыргызстанын Мамлекеттик желеги жөнүндө жоболор аныкталган. Мамлекеттик желек кызыл түстөгү төрт чарчы шекилинде белгиленип, анын ортосуна түндүк коюлуп, анын тегерегине алтын түстөгү күндүн кырк нуру түшүрүлгөн.
XS
SM
MD
LG