Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:11

ИРАН ПРЕЗИДЕНТИНИН ИРАКТАГЫ "ТАРЫХЫЙ САПАРЫ”


Амирбек Усманов, Прага Ирандын президенти Махмуд Ахмединежаддын сөзүнчө, анын Иракка жасаган сапары эки өлкө арасындагы мамиленин жаңы барагын ачты. Ахмединежад коңшулаш эки өлкө арасындагы 1980-88-жылдардагы согуштан бери Багдадга биринчи жолу ырасмий визит менен барган Ирандын президенти болду. Жекшемби күнү Багдадда жана башка шаарларда Ахмединежаддын визитине каршы ирактык суннилер нааразылык акцияларын өткөрүштү. Алар Иранды Ирактын ички ишине кийлигишет деп күнөөлөштү.

Махмуд Ахмединежадды Багдадда президент Жалал Талабани чоң шаан-шөкөт менен күтүп алды. Ирак президенти Талабани менен болгон кездешүүдөн кийин сүйлөшүү үзүрлүү натыйжалуу өткөнүн белгиледи:

-Бул визит эки өлкө арасындагы байланышта жаңы баракты ачат жана региондогу кызматташуу атмосферасына жардамдашат.

Жалал Талабани Иран лидеринин визитин “тарыхый” деп атап, сүйлөшүүдө түрдүү проблемалар талкууланганын айтты:

- Биз экономика, саясат, мунай, коопсуздук жана башка маселелерди талкууладык. Кудай өзү күбө, агабыз доктор Махмуд Ахмединежад мурда айткандай сүйлөшүүнүн жыйынтыгы жакшы болду жана көз караштарыбыз жакын экенин көрсөттү.

Ахмединежаддын Иранда болчу парламенттик шайлоо алдындагы визити бир жагынан Тегеран региондо чоң оюнчу экенин көрсөтүү болсо, экинчи жактан ал-Маликинин өкмөтүн колдогонун Иран элине даңазалоону көздөгөнү шексиз.

Иран-Ирак ортосундагы 1980-88-жылдардагы согуш 1 миллиондой адамдын өмүрүн алган. Бирок эки өлкөнүн саясый-экономикалык жана диний байланышы Иракта америкалык аскерлердин болгонуна карабай акыркы беш жылда жакшы нукка түшүүдө. Саддам Хусейн тушунда Иракты суннилер бийлеп, шиит көпчүлүгү кысымга алынган. Алардын көптөгөн лидерлери, анын ичинде премьер-министр Малики, экс-премьер Жафари жана башкалар өлкөдөн кетүүгө мажбур болушкан.

Кошмо Штаттары Ахмединежаддын визитине анча деле маани бербеди. Вашингтон Иранды ирактык шииттерге түрдүү жактан колдоо көрсөтүп, Иракты бейстабилдүүлүккө түртүүдө деп күнөөлөп келет.

Ахмединежад ал-Малики менен чогуу өткөргөн пресс-конференцияда АКШнын бу сындуу далилсиз дооматы региондогу проблеманы көбөйтөт, Ирактын эли “Американы сүйбөйт" деди. Ал эми Испаниянын “El Pais“ гезитинин соңку санына чыккан интервьюда ирактыктардын АКШнын “баскынчы” күчтөрүнө каршы күрөшкөнү “туура” дейт ал.

Иран президентинин визити ирактык суннилер арасында нааразычылыктарды жаратты. Алар Багдадда жана башка шаарларда демонстрацияга чыгышты. Фалужадагы акциянын катышуучусу Абдулрахман ал- Зубайи анын себеби жөнүндө мындай дейт:

-Биз Иран президентинин Багдадга келүүсүнө нааразыбыз. Иран Ирактын ички ишине орой киришүүдө. Фалужанын эли жана бардык ирактыктар визитке каршы экенин билдирүү үчүн бул жерге чогулдук. Биз Иран өкмөтүн Ирактагы бардык жамандыктар үчүн жооптуу деп санайбыз.

XS
SM
MD
LG