Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:29

ТАЙЫРБЕК САРПАШЕВ: ОРУСИЯДА ПУТИНДИН АБРОЮ ЖЕҢДИ


Россиядагы президенттик шайлоодо күтүлүп жаткандай эле Дмитрий Медведев утуп алганы кабарланып жатат. Ушул жеңиште Путиндин аброю жеңдиби, же Дмитрий Медведевдин да кандайдыр бир өзүнүн салымы барбы? Мына ушул суроонун айланасында «Азаттык» менен Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Тайырбек Сарпашев ой-пикир бөлүштү.

- Негизинен бул Россияда болуп аткан салт биздин өлкөгө, дегеле Орто Азия өлкөлөрүнө абдан жакшы таасирин тийгизе турган көрүнүш. Конституциялык мөөнөтү бүткөндөн кийин кызматтан кетүүнү убагында Ельцин баштаган. Экинчиден, албетте бүгүнкү күндө 90 пайыз Путиндин бийлиги жүрүп, анын жүргүзгөн саясаты болуп жаткандан кийин Путиндин аброю жеңди десек болот.

- Жаңы президент учурунда Москванын саясаты кайсы багытта өзгөрүшү мүмкүн?

- Жаңы президент учурунда андай деле өзгөрүш болбойт. Болгону мен 8 жылдан кийин Россияда дагы жакшы традиция пайда болот деп ойлойм. Мураскорду дайындап, менден кийин бул болот дебей, президенттикке талапкерлер дагы демократиялык жол менен тандалат деп ойлойм.

- Кыргызстан Россиянын жаңы президентинен эмне күтсө болот. Өзгөрүүлөр болобу эки өлкөнүн саясатында?

- Россия менен Кыргызстан көп жактан бир жолдо кетип жатат. Кыргызстан менен Россия экономикалык жактан да чоң партнерлордун бири. Өзгөчө энергетика тармагында жана ошондой эле бир экономикалык саясатта багыты бир болгондуктан бул саясат эч кандай өзгөрүүсүз эле мындан ары уланат деп ойлойм.

- Энергетика маселесин айтып калдыңыз, “Газпромдун” директорлор кеңешинин төрагасы Медведев болчу. «Газпром» Кыргызстанда газды чалгындоого реалдуу киришүүдө, эми бул багатта дагы да оң таасирлер тийиши мүмкүн экен да?

- Албетте, анткени газ гана маселесине эмес, мен россиялыктардын энергетика маселесине, гидростанцияларды курууга киришин каалар элем. Медведев, албетте, буга чейин «Газпромдун» төрагасы болуп иштеп келген, бул маселени ал жакшы билет. Газ, энергетика маселелери боюнча Россия жалаң эле Орто Азияда эмес, бүткүл Европада дагы алдыңкы чечүүчү ролду ойноп келатат. Ошондуктан биздин өлкөдөгү болгон инвестициялык көлөмдөр мындан ары да чоңойот деген үмүттөмүн.

- Биздин аябай сезимтал маселелердин бири эмгек мигранттары. Кесиби, адистиги юрист болгон Дмитрий Медведев мигранттарга карата кандай саясат жүргүзөт? Бул жагында саясат катаалданышы мүмкүнбү?

- Мигранттар маселеси бул биздин өлкөнүн, өкмөттүн ишине жараша болот. Биз мурдагы парламентте жүргөндө миграция боюнча министрлик түзгөнбүз, өкмөттүн курамын талкуулап атканда атайын миграция боюнча министрлик ачканбыз. Муну орус жетекчилигинен эмес, биздин жетекчиликтерден талап кылыш керек. Бул проблема Россиянын проблемасы эмес, Кыргызстандын проблемасы. Ошондуктан кандайдыр бир жаңы жетекчиликке күн мурунтан жүктөбөстөн, биздин бүгүнкү күндөгү жетекчиликке, өкмөткө жүктөп, иштеп аткан элчиликтен жоопкерчиликтүү иштөөнү талап кылыш керек.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG