Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:16

ДИНАРА ОШУРАХУНОВА: ОРУСИЯДАГЫ ШАЙЛООДО ТЕҢЧИЛИК БОЛГОН ЖОК


Орусияда жекшембиде болгон президенттик шайлоо жөнүндө “Азаттык” менен “Демократия жана жарандык коом үчүн” бейөкмөт уюмдар коалициясынын президенти Динара Ошуракунова ой-пикир бөлүштү.

- Тажрыйбалуу укук коргоочу, өкмөттүк эмес уюмдун жетекчиси катары Россияда өткөн президенттик шайлоонун үгүт кампаниясы кандай болду деп ойлойсуз? Ал адилет, чынчыл, КМШ мамлекеттеринде үлгү боло ала тургандай негизде өттүбү?

- Албетте, Россияда бир нече талапкерлер шайлоого катышты. Алар өзүнүн программасын шайлоочуларга айтканга мүмкүнчүлүк болду. Бирок айтып кетсек, демократиялык шайлоо деген бул бир нече татыктуу талапкерлердин арасынан эң татыктуусун шайлаш керек деген принцип бар. Биз карап кетсек, Россияда бийликтин талапкери Медведевге каршы чыккан күчтүү талапкерди биз көргөн жокпуз. Ошон үчүн элдин ичинде талапкерлердин ичинен эң татыктуунун татыктуусун тандайын деген нерсе болгон жок. Бул жерде чоң административдик ресурс иштеди. Анткени бийлик өзүнүн талапкерин чыгарганда административдик ресурс аябай иштейт. ОРТ, РТРден көргөзүп атканда бардык жаңылыктарда Путин өзүнүн талапкери Медведевди дайыма көргөзүп, колдоп чыгарып атты. Ошондуктан мен ойлойм чоң шайлоодо татыктуу талапкерлер көргөзүлгөн жок, жалгыз Медведев болду, ошону эле тандап алды.


- Бул жерде сиздин оюңузча мамлекет маалымат каражаттарында тең орун бербей коюп, тең ата таймаш болбой калдыбы, же элдин ичинен чын эле татыктуу талапкер чыкпай калдыбы. Чыкпай калышы бул Медведевдин күнөөсү десек болобу, же коомчулуктун күнөөсүбү, же ошол эле демократтардын күнөөсүбү?

- Күнөө деп айта албайбыз. Бирок биз көрүп атпайбызбы, азыр мурунку СССРдин аймагында ошондой тенденция болуп атат. Бийлик оппозицияга жол бербей, өзүнүн талапкерин чыгарып атат. Оппозиция өзүнүн кандидатурасын койгон жок. Биз президенттик шайлоого катышкан талапкердин арасынан бир дагы оппозиция өзүнүн мыкты талапкерин көргөзө алган жок. Ошондуктан бул жерде сөзсүз Медведев утушу керек болчу. Анткени тенденциясы өзү ушундай болуп атат. Анткени бийлик ага чейин эле жолдун баарын тазалап, оппозициянын баарын алып туруп, өзүнүн талапкерин көргөзүп, ошол өткөнгө бүт иштердин баары жасалган.

- Ошол оппозициялын талапкери Немцов шайлоого катышуудан өзү баш тарткан эле, ал эми Касьянов кол топтоо учурундагы мүчүлүштүктөрү боюнча четтетилип калды. Кандай деп ойлойсуз, ушул талапкерлердин элдин ичинде колдоосу күчтүү беле?

- Мен ойлом, булардын сөзсүз өздөрүнүн шайлоочулары бар болуш керек. Бирок биз дагы бир жолу айта кетели, администравдик ресурс колдонгондо алар күчтүү болгондо дагы бийлик аларга жол берген эмес.

- Кыргызстан ушул шайлоодон ала турган оң, албай турган терс жагы эмнеде?

- Биз көргөнбүз, өткөн шайлоодо Кыргызстан бүт Россиянын технологиясын колдонгон. Бирок биз дагы бир жолу айтып кетишибиз керек, Россия деген Россия, биз Кыргызстан өзүбүздүн жолубуз бар. Биз Россияны туурабай, өзүбүздүн форматыбызды, өзүбүздүн кызыкчылыгыбызды сакташыбыз керек.

- Кыргызстандык көз карандысыз укук коргоочулар барып байкоо жүргүзө алдыбы, эгер барбай калса, эмне себептен?

- Жок, биз катыша алган жокпуз. Анткени ЭНИМО өзү миссиясын Россиядан жүргүзө алган жок.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG