Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:54

ООГАНСТАНДА ТАЛИПТЕР ТЕЛЕКОМДУН 3 МУНАРАСЫН ТАЛКАЛАШТЫ


Өткөн дем алыш күндөрү Ооганстандын түштүгүндө талип согушкерлери Телекомдун 3 мунарасын кыйратышты. Анын алдында талибан кыймылы Телекомго кайрылып, алардын мобилдик телефондорунун сигналы түнкүсүн өчүрүлбөсө, мунараларга кол салаарын эскертишкен. Согушкерлер телефон сигналы боюнча эл аралык күчтөр алардын жайгашкан жерин таап алып, чабуул коюп жатканын айтышкан.

Ооганстандын Хелманд провинциясынын жетекчилери талиптер жекшембиде Сангин районундагы мобилдик байланыш мунарасын талкалап кыйратканын билдиришти. Коңшулаш Кандагар провинциясында ишемби күнү эки телефон мунарасына чабуул жасалган.

Кандагардагы таасирдүү уруу башчысы Абдул Ахад-Хан Масум Кабулдагылар колдосо, жергиликтүү кол башчылар телемунараларды коргоп калмак деген оюн айтат.

- Албетте, биз аларды коргоп калмакпыз. Бирок ал үчүн бизге тийиштүү бийлик укугу берилиши керек. Өкүнүчтүүсү, акыркы 30 жыл ичинде улам бир бийлик жергиликтүү жетекчилердин таасирин пайдалангандын ордуна алар менен мышык-чычкан ойноп келатат.

Анын алдында Талибан согушкерлери мобилдик байланыш операторлоруна кайрылып, алардын телефондорун кечки саат 5тен таңкы саат 7ге чейин өчүрүп коюну талап кылышкан. Талип козголоңчулары алардын телефон сигналы боюнча жайгашкан жерин билип алып, коалициялык күчтөр таамай сокку уруп жатканын айтышкан. Чынында эле АКШ баштаган көп улуттуу күчтөр көбүнэсе козголоңчуларга каршы рейддерин түнкүсүн жүргүзүшөт.

Мобилдик байланыш операторлору талиптердин буйругуна баш ийип, алардын телефон сигналдарын түнкүсүн өчүрбөй койгондо, минтип телекоммуникация мунараларына чабуул башталды. Ооган парламентинин мүчөсү Шуркия Барекзай талиптер Телекомдун мунараларын талкалап, өлкө экономикасына оор зыян келтирип жатканына кейийт.

- Менимче, түнкүсүн сигналдар аркылуу таап алып атат деген болбогон шылтоо, анткени эл аралык күчтөр, же ооган аскерлери чабуул койгусу келсе, күндүз деле ишке ашырат. Баарынан башкысы – телефон байланышы өтө начар өнүккөн биздин өлкөдө катардагы жарандар үчүн мобилдик байланыш өтө маанилүү. Эл ага муктаж жана учурда аны активдүү пайдаланып жатат.

Талиптердин чабуулуна кабылган 3 телефон мунарасы Ооганстандагы мобилдик байланыш компаниялары – “Рошан” жана “Ареебага” таандык эле. Алгачкы чөнтөк телефондор өлкөдө 2001-жылы талиптер бийлиги кулатылгандан кийин пайда болгон.

Учурда зымсыз телефон байланышы – Ооганстандагы эң ыкчам өнүгүп бараткан жана эң кирешелүү тармактардын бири. Талкаланган телемунаралардын айынан Ооганстандын түштүгүндө миңдеген кардарлар, алардын арасында талип козголоңчулары да телефон байланышынан кол жуушту.

Байланыш боюнча эксперттер мобилдик телефон компаниялары талиптердин телефонун алар каалагандай түнкүсүн өчүргөн күндө да, АКШ башкарган көп улуттуу күчтөр сателлит жана башка мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланып согушкерлердин базаларын таап алаарын айтышат.

Аны эске албаган талип согушкерлеринин кол салуусунан улам Кандагардын көпчүлүк райондорунда 2 күндөн бери мобилдик байланыш жок, телефондор өчүп калды. Почта, кадимки телефон байланышы, интернет жокко эсе Ооганстанда зымсыз телефон бирден бир маанилүү байланыш түйүнүнө айланган.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG