Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:19

МЕДВЕДЕВГЕ БАТЫШТЫН ЖЫЛУУ МЕДИЛИ БАЙКАЛГАН ЖОК


Россияда жаңы президент шайланганын Батыш борборлору калбаат маанайда кабыл алып, Москва менен кызматташтыкты жакшыртуу үмүтүн билдиришти. Айрым саясатчылар орус коому демократиядан четтеп кеткенин белгилешти, басылмалардын көбү шайлоону сынга алышты.

Дмитрий Медведевди Батыш лидерлеринен биринчилерден болуп Франциянын президенти Николя Саркози куттуктады. Атүгүл Саркози ага Францияга келип-кетүүнү сунуш кылды. Немец канцлери Ангела Меркел болсо жаңы шайланган орус президенти менен жакын аралыкта жолугушканга ниеттенип жатат. Жекшемби күнкү шайлоонун жыйынтыгынан Германиянын өкмөт башчысы “орус элинин стабилдүүлүккө умтулган” мүдөөсүн көрдү.

Еврокомиссиянын башчысы Жозе Мануэл Баррозу куттуктоо телеграммасында “Россия-Евросоюз” кызматташтыгы ийгиликтүү уланарына ишенимин билдирди. Бул тууралуу маалымдап, комиссиянын өкүлү Кристианна Хоман Европа Россиядагы айрым процедуралардын мүнөзүнө макул боло албастыгын, бирок камтама кылган бардык маселелерди ачык талкуулаганга дамамат жол таап келгенин кошумчалады.

“Медведев жаш киши жана ал Италиянын досу болуп каларына үмүтүм бар”,- деп айтты Римде ушу тушта убактылуу өкмөт башчысынын милдетин аткарып жаткан тышкы иштер министри Массимо Д’Алема. Бир талапкердин 70 процент добуш алганын ал орус коому менен Батыштагы демократиянын айрымасын көрсөткөн көрүнүшкө жоруду.

Бул темага АКШдагы президенттик шайлоо өнөктүгүнүн катышуучулары да кайрылышты. Хиллари Клинтон Россия демократиядан четтеп кеткенин белгилеп, ошентсе да Медведев “үмүт жандырган” айрым убадаларды бергенин,бирок аны иш жүзүндө текшерип көрүү керектигин эскертти. Клинтондун партиялаш атаандашы Барак Обама шайлоо толук эркин жана адилет өтпөгөнүнө, демократиялык маанайдагы маалымат каражаттары жана оппозиция бийликтин катуу кысымында калганына өкүнүчүн билдирди.

Батыштагы маалымат каражаттарында жалпысынан сынчыл апаздагы пикирлер айтылды. The Washington Post гезити, мисалы, шайлоо атаандаштардын жарышы эмей эле, “мураскерге таажы кийгизүү” кыябындагы саясий шаан-шөкөт иретинде өткөрүлдү деп көрсөттү.

Россиянын өзүндө да бир катар баяндамачылар Кремл пландаган “Мураскер” операциясы ойдогудай аяктаганын, Медведевдин жасалма атаандаштары өздөрүнө тагылган милдеттерин жакшы аткарганын, жаңы президентке туптуура 70 процент добуш алуу керек болгонун, кокус андан ашып кеткенде муну калк Путиндин беделин түшүрүү аракетиндей кабыл алмагын, ал эми орус коомунун либералчыл жааматы бийликтен биротоло түңүлүп бүткөнүн жазып-айтып жатышат.

XS
SM
MD
LG