Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:40

ЭЛДИК КУРУЛТАЙДЫ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА ШТАБ ТҮЗҮЛДҮ


Элдик курултайды өткөрүү боюнча штаб түзүлүп, уюштуруу комитети ишке киришти. Бул тууралуу билдирген “Акыйкат үчүн” кыймылынын координациялык кеңешинин төрагасы Аликбек Жекшенкуловдун маалыматына караганда 29-мартта өтүүчү элдик курултайга чейин өлкөнүн жети дубанында жыйындар өткөрүлүп, курултайга делегаттар шайланат. Кыргызстан коммунисттик партиясынын лидери Клара Ажыбекова болсо элдик курултайда көтөрүлүүчү маселелерди колдоорун, бирок аны уюштуруучуларга ишенбестигин билдирди.

Өлкөдөгү оппозициячыл саясатчылар, кыймылдар, «Ата Мекен», «Асаба», «Ар намыс», «Кыргызстан патриоттору» жана башка саясий партиялар менен айрым коомдук уюмдар биргелешип Бишкекте өткөрүүчү 29-марттагы элдик курултайга камылга көрө башташты. Курултайга өлкө аймагынан эки миңден ашуун делегаттар келиши күтүлүүдө. «Ага байланыштуу жер жерлерде жыйындарды өткөрүп, курултайга делегаттарды тандоо боюнча “Акыйкат үчүн” кыймылынын уюштуруу комитети ишке киришти”,- дейт аталган кыймылдын координациялык кеңешинин төрагасы Аликбек Жекшенкулов:

-Конференция Ош, Жалалабат,Талас, Нарын, Ысыккөл, Баткен , Чүй облустарында өтөт. Алар элдик курултайга делегаттарды шайлайт. Өзүңөргө маалым, биздин кыймылга он беш партия кирет. Ошол он беш партиянын, коомдук уюмдардын облустагы өкүлдөрү чогулуп жеринде конференция өткөрүшөт. Ал жерде өлкөдөгү саясий-экономикалык кырдаал да тулкууланат.

Аликбек Жекшенкулов белгилегендей элдик курултайды өткөрүү боюнча 3-мартта атайын штаб түзүлүп, анын курамына Коомдук парламенттин, “Акыйкат үчүн” кыймылдын жетекчилери, он беш саясий партиянын лидерлери киришти.

Бийликке ыктаган топтор Коомдук парламент түзүүнүн, учурда элдик курултай өткөрүүнүн зарылчылыгы жоктугун, өлкөнүн экономикасын көтөрүү үчүн саясий туруктуулук аба менен суудай керек болуп турганын айтышууда.

“Эркиндик” партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев болсо Баш мыйзамга ылайык Элдик курултай - коомдук нааразылыкты, коомдук пикирди бийликке билдирүүнүн бир жолу. Ошондуктан өлкөдө түзүлгөн кырдаал элдик курултай өткөрүүнүн зарылчылыгын пайда кылып отурат, дейт:

-Бул бийлик революциянын улуу максаттарын аткара алган жок. Ал түгүл, өткөн шайлоодо демократиядан теңирден тескери кетти булар. Азыркы абалды бийликке жеткирүүнүн бир жолу - Элдик курултай.

Тургуналиев алдыда өтүүчү саясий иш-чара чынында эле нукура элдин кызыкчылыгын көздөп, бөлүнүп-жарылбай мыйзамдын чегинде өтсө, андагы көтөрүлгөн маселелер менен талаптардын таасири бийликке тиет, деп эсептейт.

Ал эми Кыргызстан коммунисттик партиясынын лидери Клара Ажыбекова болсо Революциялык комитет, “Акыйкат үчүн кыймылы өткөрүп жаткан иш чарага караманча ишенбестигин, себеби алардын курамын бийликке таарынган чиновниктер түзөөрүн баса белгиледи:

-Мен буларга баары бир ишенбейм. Анткени алардын дээрлик бардыгы мурда жогорку кызматтарда иштеген адамдар. Алар азыр эл үчүн деп көкүрөктөрүн койгулаганы менен кийин бийликке барышса эле бардык маселени унутуп калышат. Ошондуктан мен буларга ишенбейм.

Бирок Клара Ажыбекова курултайда көтөрүлө турган чекара, менчиктештирүү жана коррупцияга каршы көйгөгөйлөр бүгүнкү күндөгү актуалдуу маселе дейт.

XS
SM
MD
LG