Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:20

“МАНАС” АСКЕРИЙ БАЗАСЫНА БАЙЛАНЫШТУУ ТАЛАШКА КАЧАН ЧЕКИТ КОЮЛАТ?


Манас аба майданындагы АКШнын аскер базасын Кыргызстандын аймагынан чыгаруу талабы менен митингдер апрель айынан тартып кайрадан күч алышы мүмкүн. Бул тууралуу мындай демилге менен чыккан Сергий Радонежский жана “Айкөл Манас” фондусунун жетекчиси Игорь Трофимов билдирди. Көп убакыттан бери созулуп келаткан аба база боюнча талаштарга качан чекит коюлат? “Манас” аба базасынын Кыргызстанда жайгашуусу жалпы регионго канчалык маанилүү?

АКШнын аскер аба базасын Кыргызстандын аймагынан чыгаруу талабы менен митингдер былтыр жайында бир нече жолу өткөн эле. База боюнча АКШ менен кыргыз бийлигинин ортосунда түзүлгөн келишимди жокко чыгарууну суранып аталган фонд 2007-жылдын аяк ченинде сотко кайрылган. Бишкек шаардык соту бул арыз боюнча ишти 3-мартта карап, аны канаттандырган эмес.

Сергий Радонежский жана “Айкөл Манас” фондусунун башында турган Игорь Трофимовдун адвокаты жана “АКШ базасын Кыргызстандын аймагынан чыгаруу” кыймылынын координациялык кеңешинин төрагасы Александр Типеров шаардык соттун мындай чечими менен макул болбой, жогорку инстанциядагы сотко кайрылышаарын билдирди:

-Биз доо арыз менен Жогорку сотко, керек болсо Конституциялык сотко да кайрылабыз. Ал эми бул маселе апрель айынын аяк ченине чейин чечилбесе биз митингдерди өткөрөбүз. Бизди бир катар кыймылдар, партиялар колдошууда. Апрелде орун ала турган митингдерге чейин да бир нече жолу акцияларды уюштурууну болжоп атабыз.

Александр Типеровдун айтымында, аталган митингде “Манас” аба базасын Кыргызстандан чыгарып кетүү талабына мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү талабы да кошулат.

Кыргызстандын жаңы бийлигинин аскерий база боюнча боюнча пикири ар кыл экени маалым. Буга чейин АКШнын коргоо министри Дональд Рамсфелд Бишкекке келгенде президент Курманбек Бакиев база боюнча Ооган жериндеги кырдаалга жараша иш кылалы деп айткан. Ал эми жакында эле КМШ мамлекет башчыларынын Москвада өткөн бейформал жыйынында президент Курманбек Бакиев АКШ базасы Ооганстандагы кырдаалды жөнгө салуу максатында убактылуу киргизилгендигин белгилеп, убагы келгенде базаны чыгаруу тууралуу маселе коюларын ачыктаган.

Мурдагы улуттук коопсуздук катчысы Мирослав Ниязов база Кыргызстан гана эмес, жалпы Борбор Азия аймагынын коопсуздугун камсыз кылууда чоң ролду ойнооорун белгиледи:

-Менин оюмча учурда Кыргызстанга бул база керек. Эртең базаны чыгарып салалы дейли, Ооганстандан коалиция да чыгарылсын. Эртеси күнү эле маңзаттарды ташуучулар каргадай болуп Ооганстанга жабалактай баштайт. Экинчиден, террорчулар, экстремисттер пайда болот. Бул жалпы эл аралык коопсуздукка коркунуч алып келет.

М.Ниязов минтип базанын маанилүүлүгүн айтса, саясат таануучу Бекбосун Бөрүбашев база өзүнүн миссиясын аткарып бүткөндүгүн айтып, анын Кыргызстанда турушу бара-бара залакасын да тийгизиши мүмкүн деген көз карашта:

-Бул жерде келишим америкалыктардын кызыкчылыгын эске алынып түзүлгөнүн моюнга алыш керек. Бул маселеде укуктук жакты караш керек. 2001-жылы бул база керек болчу, азыр болсо базанын Кыргызстанга кереги жок деп ойлойм. Ал өзүнүн миссиясын аткарып бүттү. Маселен эртең ошол эле Иранда чатак болуп, ага АКШ катышып калса анда бул базанын Кыргызстанга чоң залакасы тийиши мүмкүн. Ошону үчүн база өлкө аймагынан чыгарылып кеткени эле оң.

Кыргызстандагы аскер база АКШнын бул Борбор Азия аймагындагы жалгыз базасы болуп саналат. Өзбекстан бийлиги болсо Анжиян коогалаңына байланыштуу Вашингтон Ташкентти айыптап чыккандан кийин өз аймагындагы Америкалык базаны жапкан болчу.

XS
SM
MD
LG