Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:53

МИЛИЦИЯНЫН КАДЫР-БАРКЫН ЖОГОРУЛАТУУ АРАКЕТИ


Ички иштер министрлиги өлкөдө кылмыштуулуктун деңгээли өсүп кеткендигине байланыштуу, жумурай-журтту кылмыштуулукка каршы чогуу күрөшүүгө чакырууда. Ал үчүн жер-жерлерде коомдук профилактикалык борборлорду ачууну жайылтуу демилгеси көтөрүлүп жатат. Совет доорундагы “комсомолдук кошуундар” сыяктуу топторду түзүү тууралуу да ой-пикирлер айтылууда. Ошентсе да бир катар серепчилердин баамында, өз ишин так аткара албаган, мезгилден артта калган, коррупцияга баткан бийлик органдары бир топтон бери ушул сыяктуу шылтоолорду айтып келатышат.

Ички иштер министрлиги президент Курманбек Бакиев 2005-жылы 1-июлда кол койгон “Кыргыз Республикасындагы мыйзам бузууларды профилактикалоо жөнүндө” мыйзамын ишке ашыруу максатында, жер-жерлерде коомдук профилактикалык борборлорду ачууну пландап жатат. Ал борборлорго башка мамлекеттик тармактар, жергиликтүү башкаруу органдары тартылып, жарандарга укуктук, тарбиялык жактан жардам беришмекчи.

Учурда мындай борбор Ысыккөл облусунда бар. “Митинг-акциялардын айынан биз кыйла алаксып калдык, ошол себептүү биз жалпы бардыгыбыз айтып турушубуз керек”,- дейт ички иштер министринин орун басары Темиркан Субанов:

- Көп жумуштарды жасадык. Баягы апрелден баштап Кыргызстанда көптөгөн митингдер болду да. Тынчтыкты сактайлы деп ошого алаксып калдык. Бирок баардыгыбыз айтып-деп турсак, эл түшүнөт да. Мына көп балдар иштебей жүрүшөт, жаш балдар окууларын таштап атышат, уруш-талаш чыгарып, бири-бирин сайып өлтүргөнгө чейин барып атышат. Мынакей, номур 38-мектепте чоң класстын кыздары кармалды, бири-биринен акча тоноп жүрүшкөн.

Кылмыштуулукту азайтуу максатында өткөн замандын жакшы жактарын пайдаланууну сунуштагандар да бар. Ички иштер министрлигинин ардагерлер кеңешинин төрагасы, эс алуудагы генерал-майор Токтожума Жээналиевдин пикиринде, “комсомолдор кошууну” сыяктуу топтор түзүлсө жакшы болмок:

- Эмне үчүн биз мурунку өткөн замандагы жакшы нерселерди пайдаланбайбыз. Ошол убактарда мектептерде отряддар бар эле. Мектептин айланасындагы коомдук тартипти сактаган комсомолдук топтор, милициянын жаш достору деген топтор бар эле. Булар жок болуп калды. Ошондуктан бири-бирин тоноп, рекет болушуп, акча бербесе кээде өлтүрүп коюп атышат. Эл колдобосо, эл жардам бербесе, жалгыз милиция кылмыштуулук менен күрөшүүдө күчсүздүк кылат.

Айрым саясат талдоочулар кылмыштуулуктун өсүп жатканын бийликтин чар-жайыт саясаты катары баалашат. Анткени коррупцияга баткан бийлик элдин кызыкчылыгы үчүн иштебей жаткандыктан, жумушсуздук, жакырлык сыяктуу себептерден улам кылмыштуулук кыйла өсүп кетти. Саясат талдоочу Токтогул Какчекеев мындай дейт:

- Бийлик бүгүнкү күндө чар-жайыт аракет кылгандыктан ушундай иш болуп атат. Мисалга, көчөдө митиг болуп атат дегенде, Кыргызстан боюнча митинг болгон жок да. Ал мобу алакандай Алатоо аянтында эле болуп атат. Кылмыш ачылбай калганынын себеби эмне? Эл күнөөлүү эмес да. Эл чөнтөгүнөн акча чыгарып бергенден кийин милициялар ошол милдети боюнча иштеши керек. Милицияда күч толтура. Бирок коррупция деген эме милицияны дагы, прокуратураны дагы, өкмөттү дагы тыгылчык-тромбозго алып келет дагы, алар жок шылтоолорду айтып отура беришет.

XS
SM
MD
LG