Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:46

“АЛТЫЛЫК” ИРАНДЫ ЖАҢЫ СҮЙЛӨШҮҮЛӨРГӨ ЧАКЫРДЫ


“Алтылыктын” өлкөлөрү Иранга өзүнүн атомдук программасына байланыштуу Евросоюз менен жаңы сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү сунуш кылды. Британиянын Улуттар Уюмундагы өкүлү ырастагандай, Тегеран уран байытканын биротоло токтотсо “алтылыктын” мүчөлөрү Иранга экономикалык жардамын кеңейтүүгө даяр. Тегеран азырынча бул сунушка өз мамилесин билдире элек, бирок дүйшөмбү күнү Коопсуздук Кеңеши кабыл алган жаңы резолюцияны аткаруудан баш тартты.

Жаңы резолюцияны Коопсуздук Кеңешинин азыркы он беш мүчөсүнүн он төртү, анын ичинде Россия да колдогон эле. Айрым бир баяндамачылар Москва буга МАГАТЭде Тегеранга байланыштуу пландар өзгөртүлбөйт деп Батыш өлкөлөрү убада бергенден улам макул болгонун айтышып, уюмдун дүйшөмбү күнү ачылган сессиясында ирандыктардын атомдук программасынын дагы бир кычыктуу өңүтү талкууга коюлганы орустардын өкүлүн нааразы кылды дешет.

Кеп – Ирандын “Көк туз” деп аталган долбоору тууралуу болуп жатат. Адистер бул программаны курал-жарактардын жаңы түрлөрүн түзүү пландары менен байланышы болушу мүмкүн деп шектенишет.

Сессиянын ачылышында МАГАТЭнин башкы директору Мохаммед ал-Барадей ирандыктар ядролук куралдар сынагын өткөргөн-өткөрбөгөнүн аныктоо жагынан эл аралык инспекторлорго Тегеран дале мүмкүндүк бербей жатканын белгиледи. Ирандын өткөндөгү иштерине байланыштуу башы ачылбаган маанилүү бир проблема – “болжолдуу изилдөөлөр” деп аталган маселе калды, деп айтты ал-Барадей.

Коопсуздук Кеңеши муну териштирип, аныгына жетүүнү МАГАТЭге табыштады. Чындыгында бу проблема мындан эки жыл мурда эле уюмдун назарына илинген. Бирок аны иликтеп көргөнгө Тегеран таптакыр көнбөй жүрүп, аны жакында эки тараптын жумушчу планына киргизгенге макул болду.

Ошол эле күнү Нью-Йоркто Коопсуздук Кеңеши кабыл алган жаңы резолюцияны эске салып, ал-Барадей аны “үмүт байлаткан прогресс” катары баалады. Эгер өз ара ишенимди бекемдөө багытында сүйлөшүүлөр жанданса, мунун арты барып акыры иран маселесин күн тартибинен алып салганга мүмкүндүк берерине МАГАТЭнин жетекчиси ишенет.

Резолюцияга катарлаш эл аралык арачылардын тобу - АКШ, Британия, Германия, Кытай, Россия жана Франция – Тегеранга жаңы сүйлөшүүлөрдү сунуш кылды. Британ элчиси Жон Соэрс ырастагандай, арачылар 2006-жылы жайда сунуш кылган демилгелер күчүндө калат, эгер Иран макул болсо,алты өлкөдөн кеңири экономикалык көмөк алат.

Ырасмий Тегеран буга азырынча мамилесин билдире элек. Ал эми Коопсуздук Кеңешинин резолюциясын аткаруудан баш тартты. Тегерандын элчиси Мохаммад Хази укуктук көз караштан алганда зыяндуу мындай талаптарды Иран таптакыр кабыл алалбай турганын билдирди. “Эч кандай кысым же опуза бизди өзүбүздүн мыйзамдуу укуктарыбыздан баш тарттыра албайт”,- деп тактады иран элчиси.

XS
SM
MD
LG