«Коомдук кыймылдын» төрагасы Абдыкайым Кангелдиев жаңы түзүлгөн уюмдун милдетине кыскача мындайча токтолду:
- Кыймылдын негизги максаты жергиликтүү, жогорку бийликтердин, кеңештердин, соттордун элге, кыргыз мамлекетине жасап жаткан иш аракеттерин карапайым элге маалымдоо болуп эсептелет. Кайрылуулар гезит, журналдар аркылуу беришибиз мүмкүн, тегерек столдорду өткөрүшүбүз мүмкүн, керек болсо жүрүштөрдү жасашыбыз мүмкүн. Ушундай мыйзам жол берген акциялардын негизинде биз өзүбүздүн көз карашыбызды, азыркы бийликтин жүргүзүп аткан саясатын элге жеткиребиз.
«Коомдук кыймылдын» төрагасынын орун басары Мырзабек Акматов 2005-жылдын 24-мартындагы ыңкылап мээнетти актабагандыгын, тескерисинче, Бакиев доорунда коррупция гүлдөп кеткендигин ачыктады:
- Биз 2005-жылы революция жасадык. Революция болду, бирок максаттардын көбү ишке ашпай калды. Аскар Акаевди кетирип атканда Акаев коррупционер, коррупция көбөйүп кетти, эл менен бийликтин ортосунда ажырым пайда болду деген лозунгдарды аябай көп алып чыкканбыз. Дагы эле коррупционерлер көбөйүп кетти.
Дал ушул жерге келгенде «коомдук кыймылчылардын» кебин залда турган бейтааныш аял бөлүп кетти:
- Курманбек Салиевич иштейт, жаманбы, жакшыбы, саясатты алып барабы, кыйналабызбы, 5 жылга шайладыкбы, иштейт. Бекер эле убара болгондун эмне кереги бар? Иштегенге мүмкүнчүлүк беребизби, жокпу?
«Коомдук кыймылдын» төрагасы Абдыкайым Кангелдиев:
- Бийликке каршы саясат жүргүзүүгө, аракет келтире турган оюбуз жок. Курманбек Бакиев күнөлүү деп айтыш кыйын, - деп залга уруксатсыз кирип алган кишилер тобун тынчтандыруу аракетинен майнап чыккан жок.
Экинчи бир бейтааныш киши:
- Жалпылаштырып айтып атасың, ким, кайсы прокурор, кайсы сот, кайсы милиционер, ошону далилдегиле, - деп эч кимди сүйлөтпөй койду. Бир аз убакыттан кийин бейтааныш топ «Коомдук кыймылдын» мүчөлөрүн карай чабуул коюлуп, а түгүл уруп-сокконго өтүштү.
Ошентип маалымат жыйыны соңуна чыга электе үзгүлтүккө учурады. «Коомдук кыймылдын» өкүлдөрү журналисттердин арачылыгында качканга үлгүрүштү.
Катуу токмок жеген «Коомдук кыймылдын» төрагасынын орун басары Төлөгөн Келдибаев «Азаттыкка» буларды маалымдады:
- Ур-токмоко алышып, менин ден-соолугума бир топ зыян келтиришти. Мен ушул боюнча ооруканага кайрылып, ден-соолугум боюнча атайын текшерүүдөн өтөм. Ур-токмокко алган аялдардын үстүнөн арыз менен бүгүнкү күнү кайрылам. Ошол эле Улуттук коопсуздук кызматы, криминалдуу чөйрөнүн адамдары, президенттин кеңешчиси өзү баш болуп кой деп койгонго жарабады.
Ал эми маалымат жыйынына саресеп салган жергиликтүү талдоочу Асанбек Каракозуев бүгүнкү көрүнүштү авторитардык режимдин белгиси катары баалады:
- Көп эле саясат талдоочулар айтып келатышат, Бакиевдин бийликке келген күнүнөн тартып эле, Кыргызстанда Акаевдин режиминен ашып өткөн авторитаризм орноду деп. “Коомдук кыймыл” уюмунун өткөргөн пресс конференциясында атайын даярдалган аялдар барып үзгүлтүккө учуратып, тоскоолдук кылганы буга бирден-бир далил болуп атат.
«Акыйкат үчүн» кыймылынын координациялык кеңешинин төрагасы Аликбек Жекшенкулов бул окуяны бийликтин буйругу деген пикирин «Азаттыкка» берген маегинде билдирди. Ош шаардык милициясына кайрылсак, окуя жөнүндө маалыматы жок экендигин айтышты.