Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:32

НАТО УКРАИНА МЕНЕН ГРУЗИЯГА ЭШИКТИ АЧЫШЫ АБЗЕЛ


Грузия жана Украина НАТОго кошулуусу үчүн чечүүчү кадамды жасоосуна уруксат берилиши керек. Бул тууралуу америкалык эксперттердин тобу Вашингтондо, Хельсинки комиссиясындагы жыйында билдиришти. Эксперттер ошондой Балкан чөлкөмүнүн учурда НАТОго кошулуунун үстүнөн иштеп жаткан үч өлкөсү: Албания, Хорватия, Македония келерки айдагы саммитте уюмга кирүүгө чакырык алыш керектигин белгилешти.

Хельсинки комиссиясы - ЕККУ уюмуна мүчө өлкөлөр өз милдеттемелерин кандай аткарып жатканына көз салган америкалык өкмөттүк мекеме. Ага азыр конгрессмен Алси Хастингс төрагалык кылат.

Эксперттер тобу комиссия жыйынында белгилешкендей, Грузия менен Украина НАТОнун келерки айдын башында Бухаресте өтүүчү саммитинде Мүчөлүк аракет планы ( МАП) деген баскычты алыш үчүн талап кылынган аскерий, экономикалык жана саясий реформаларды жүргүздү.

Мүчөлүк аракет планы делген программа биринчи жолу 1999-жылдан тарта киргизилген жана НАТОго умтулган өлкөлөргө жардам көргөзүүнү карайт жана бул мүдөөгө жетүүдөгү маанилүү кадам катары саналат. Талапкер мамлекет азыр 26 өлкөдөн турган НАТО уюмуна толук чакыруу алганганга чейинки ал жараян бир нече айдан, бир нече жылга чейин созулуп кетиши мүмкүн.

НАТОнун расмий өкүлдөрү болсо Украина менен Грузия келерки айдагы саммитте Мүчөлүк аракет планына кошулбаса да, "бекем колдоо" аларын ишара кылып келишкен эле.

Стивен Пайфер - АКШнын Украинадагы мурдагы элчиси, азыр Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр боюнча Вашингтондогу борбордун кеңешчиси. Хельсинки комиссиясындагы талкууда ал Украина Саргылт ыңкылаптан бери саясий олку - солкулуктарды баштан кечиргени менен эл аралык "Фридом Хаус" уюмунун "эркин" деген баасына үч ирээт катары менен арзыганын, армиясы НАТОнун операцияларында, анын ичинде Ирак менен Косоводо маанилүү роль аткарганын белгилөө менен буларга токтолду:

-Менин көз карашымда, Украина Мүчөлүк аракет планына арзыгыдай олуттуу жылыш жасады. НАТО буга Бухареста макулдук бериши идеялдуу.

НАТОго кирүү мүдөөсүнө Украинанда калктын колдоо деңгээли төмөн. Бул көрсөткүч 23%ды эле түзөрүнө карабай, украин өкмөтүнүн пикирде, эл мүчөлүктүн пайдасын азырынча түшүнө элек. Расмий өкүлдөр эгер Мүчөлүк аракет планы ыйгарылса, эл арасында үгүт өнөктүгүн жүргүзүүнү убада кылууда.

Грузия да америкалык эксперт Стивен Пайфер белгилегендей, талап кылынган саясий, экономикалык жана аскерий реформаларда олуттуу жылыш жасады. Ирак менен Ооганстанда АКШ баштаган коалициянын ишине жигердүү салым кошту. Украинадан айрымаланып, НАТОго кирүү идеясы бул жерде элдин кеңири, 70%нын колдоосуна ээ. Бирок Стивен Пайфердин айтымында, өткөн ноябрда өкмөт оппозиция демонстрациясын күч менен таратуусу, утурумдук мөөнөткө өзгөчө абал киргизиши өлкөнүн демократиялык беделине көлөкө түшүрдү. Бирок мындан сабак алынгандай:

-Ишенимге арзыш үчүн Грузин өкмөтү келтирилген зыянды моюнга алгандай жана азыр оңдоого аракеттенүүдө. Мунун эң жакынкы сынагы май айына белгиленген парламенттик шайлоо болот.

Эксперт Стивен Пайфер кошумчалагандай, эгер НАТО министрлери Грузиянын даярдыгына ишенбесе, ал үчүн Мүчөлүк аракет планын кароону шайлоо өткөнгө чейин калтыра алат.

Ал эми Балкандын Мүчөлүк аракет планы үстүнөн иштеп келе жаткан үч өлкөсү: Албания, Хорватия, Македония чөлкөм боюнча эксперттердин ырастоосунда, апрелдеги саммитте уюмга кирүүгө чакырык алганга даяр. НАТОго кошулууну Албанияда калктын 90%, Хорватия менен Македонияда 70%дайы колдойт экен.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG