Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:05

А.САРИЕВ: ШАЙЛООДО КАЙСЫ БИР КҮЧТӨРДҮН КӨРСӨТМӨСҮ БОЛУШУ МҮМКҮН


Маектешкен Айданбек Акмат уулу, Бишкек Өткөн жылдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы ушул кезге чейин чыгарыла электиги саясий партиялардын дагы тынчсыздануусун жаратууда. Буга байланыштуу “Азаттык” үналгысынын айрым суроолоруна БШКнын мурдагы мүчөсү Акылбек Сариев жооп берди.

-Сиздин баамыңызда, жыйынтык чыгарылбай жатышынын себеби эмнеде?

-Биринчиден, бардыгыбыз билебиз, 20-декабрда болсо керек, жыйынтыктарды “Эркин Тоо” гезитине жарыялайбыз дегенбиз. Анткени менин түшүнүгүм боюнча бул бейшемби күн болчу, бардыгыбыз билебиз бул гезит шейшемби жана жума күндөрү чыгат. Эртең менен саат 10до чыгарылды эле, 1де эле ошол гезиттин нускаларын алып келди, бирок ал жерде токтомдун өзү гана жарыяланган эле. Негизи башка маалыматтар жарыяланган эмес, ошол бойдон эле калып кетти.

Ошондон бери бүгүнкү күнгө чейин жарыяланбашынын себеби шайлоо өткөрүүдө кандайдыр бир башка күчтөрдүн көрсөтмөсү болушу мүмкүн, же БШК төрагасынын компетентсиздиги, мыйзамды жакшы билбегендиги. Балким дагы башка себептер болушу мүмкүн. Анткени жарыяланбай калган себеби эртең менен натыйжаны чыгармыш болуп эле, түштөн кийин мандаттарды берип койгондой болду.

-Расмий жыйынтыктын чыгарыла электиги, жарыяланбагандыгы, азыркы парламенттин легитимдүүлүгүнө дагы көлөкө түшүрүп жатат деген сөз болууда. БШКнын мурунку мүчөсү катары бул сөздөргө макул боло аласызбы?

-Токтом чыккандан кийин “легитимсиз, легитимдүү” деп айтууга болбойт. Бирок негизи төраганын жоопкерчилигине тиешелүү болгон маселе, бул жөнүндө биздин мыйзамдын Административдик кодексинде жакшы көрсөтүлгөн. Эгерде маалыматтарды жарандарга же байкоочуларга бербесе, же болбосо ММКга жарыялабаса буга өзүнчө административдик жоопкерчилик каралган.

-Демек бул жерде төрайым Клара Кабилованын компетенттүүлүгү жөнүндө маселе бар десек болобу? Айрымдар Ошто жыйынтыкты чыгарууда абдан мыйзам бузуулар болгон, ал дагы жыйынтык чыгарууга тоскоолдук кылды, соттошуп жатышат деген пикирлерин айтып жатышат?

-Мен айттым, кандайдыр бир башка күчтөрдүн бул жерде көргөзмөсү болушу мүмкүн. Анан төраганын компетентсиздиги бирден бир себеби болуп эсептелет. Анткени бардыгыбыз эле көрбөдүкпү.

-Добуш берүү жыйынтыгын чыгаруу алдында шайлоо системасы дагы иштебей калган эле. Бул техникалык себептен улам болдубу, же ал деле башка бир күчтөрдүн атайын аракети менен ишке ашканбы?

-Мыйзам боюнча бул шайлоо документтерине дагы кирип кетет. Ошол шайлоо системасында маалыматтар жөнүндө туура эмес болуп калса, буга да өзүнчө жоопкерчилик каралган. Негизинен Кылмыш жаза кодексинин негизинде өзүнчө маалымат тартипке чакыруу деген жобосу бар. Алдын ала иштебей калды деп эч ким жарыялаган эмес, “бардыгы шайлоо системасы иштеп жатат, мына жыйынтыгы” деп, үч күнгө чейин берип жаткан. Анан акыркы күндөрү маалыматтар өзгөрүп калды. Бул дагы жоопкерчиликке тартылчу маселе болуп эсептелет. Жоопко тартуу үчүн бир киши тиешелүү органдарга кайрылышы керек. Болбосо башка себептер менен бул жөнүндө жоопко тартууга болбойт.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG