Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:32

АКШлык ДЕМОКРАТТАР ЭКИ КЫЙЫНДЫН БИРИН ТАНДАШЫ КЕРЕК


Американын мурдагы биринчи айымы, сенатор Хиллари Клинтон шейшембиде 3 штаттагы ички партиялык шайлоодо жеңип, Демократиялык партиянын президенттикке талапкери аталуу үмүтүн жандантты. Өткөн күздө демократтардын башкы талапкери аталган Клинтон айым андан бери көпчүлүк штаттардагы партиялык шайлоодо --> http://www.azattyk.kg/rubrics/politics/ky/2008/02/6CBD797A-722D-4CAC-91C7-97FA0E62CC17.asp атаандашы Барак Обамага уттуруп, маалымат каражаттары аны жарыштын чыгаарына аз гана калды деп бүтүм чыгара башташкан.

Башында эле айта кетели, азырынча демократиялык партиянын талапкерлери арасынан сенатор Барак Обама али алдыда. Хиллари Клинтон шейшембиде АКШдагы эң чоң штаттардан саналган Огайодо 10%дай, Техаста 3%дай артыкчылык менен утуп, жактоочулары менен кошо кубанычка бөлөнүп, кыйкырык-сүрөөндүн коштоосунда буларды айтты:

- Огайо кайда барса, бүткүл мамлекет ошол тарапта. Тилекке жараша, эл кайра кайтарыла баштады, бул өнөктөштүк ушундай. Биз али жолдобуз, күчкө толуп турабыз жана бул жолду аягына чыгарабыз.

Шейшембидеги жеңиш Клинтон айымды атаандашы Барак Обаманын сересине бир аз жакындатты, бирок кантсе да, чоң күрөш али алдыда.

Чынында өткөн жумада эле АКШлык маалымат каражаттарынын көпчүлүгү 11 штатта удаасы менен жеңген 46 жаштагы афро-америкалык, таланттуу оратор Барак Обаманын жылдызы жанды, эми Хиллари Клинтон аны жеңе албаарына элдин көзү жетти деп жаза башташкан. Ошондуктан болсо керек, АКШлык телекомментаторлордун бири шаршембиде өз сөзүн: “Хиллари Клинтон тиги дүйнөдөн кайтып келди” деп баштап атпайбы. Эми саясий серепчилер мурдагы 1-айым элди кайра өзүнө тартыш үчүн кандай тактика, ыкма колдонду? – деген маселени талдап жаткан чак.

Огайолук демократтардын өкүлү Дэвид Бектин пикири:

- Клинтон айым өзүн күрөшкө тойбогон кайраткер, бир нече жылдан бери татаал мезгилди баштан кечирип келаткан катардагы жумушчулардын таламын нагыз талаша турган адам катары сыпаттап жатты. Өнөр жай ишканалары көп Огайо штатында соңку жылдары жумушсуз калгандар миңдеп саналат, алар үчүн пенсия маселеси, медициналык камсыздоо баарынан маанилүү болуп турган чакта бирөө келип эле “мен силер үчүн аягына чейин күрөшөм” деп улам кайталап айтып атса, ал таасир этпей койбойт.

Андан сырткары эксперттер Хиллари Клинтондун шайлоо штабы даярдаган жаңы телерекламада кичинекей бала таттуу уйкуга бөлөнүп жатканы көргөзүлүп, анан эле телефон катуу шыңгырап, диктордун үнү: дүйнөдө коркунучтуу бир окуя болду.

Балдарыңардын коопсуздугун, келечегин ойлосоңор, АКШ президенти туура чечим кабыл ала турган өтө чечкиндүү адам болушу керек, деп көз айнекчен Клинтон айым телефонго жооп берип атканын көргөзгөнү да өз ролун ойноду дешет. Ал элди коркутуп салды деген пикирлер да айтылды. Ага кошумча Хиллари Клинтон соңку күндөрү атаандашы Барак Обамага чабуулун күчөтүп, аны ар тараптан сындап, маалымат каражаттарын ага жан тартасыңар деп да күнөөлөдү.

Эми Обаманын шайлоо кампаниясы да Хиллари Клинтондун ыкмасын колдонуп, ага катуу чабуул кое баштады. Айтор, АКШда демократтардын президенттикке талапкери ким болорун болжолдоп айтуу азырынча мүмкүн эмес, айыгышкан күрөштүн баары алдыда.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG