Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:08

АБХАЗИЯ ТБИЛИСИ МЕНЕН МОСКВАНЫН ТИРЕШҮҮСҮНӨ СЕБЕПКЕР БОЛДУ


Муса Мураталиев, Москва Грузиянын Тышкы иштер министрлиги Абхазияга карата кабыл алынан чектөөнү жойгондугу үчүн Москвага катуу сын айтты. Тбилиси жарыялаган документте Орусиянын мындай кадамы «бөлүнгөндү колдоо» жана «Грузиянын жеринин бүтүндүгүнө ошондой эле эгемендүүлүгүнө кол салуу» деп айтылат. Грузиялык бийликти айрыкча кабатыр кылган нерсе Орусиянын Абхазияга курал-жарак жана согуштук техника жөнөтпөө милдеттен баш тартышы болгон. Грузиндик-абхаздык кармаш курчуп турган кезде, КМШ өлкөлөр Кеңешинин чечими менен 1996-жылы таанылбаган жумуриятка соода-экономика, кор, транспорт жана башкалар боюнча тыюу салынган.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги 6-мартта КМШ өлкөлөр Аткаруу комитетине жолдогон катында Орусия 19-январь 1966-жылы кабыл алынган «Абхазия, Грузия кагылышын жөнгө салуунун чаралары боюнча» КМШ келишиминен чыгат деп айтылган. Ал келишим негизинде кезегинде шериктештиктеги өлкөлөргө Абхазия менен соода, экономика, кор, транспорт ж.б. тармактарда алакада болууга тыюу салынган.

Бейшемби күнү расмий Москва “ал келишимден чыккыла” деп Шериктештеги башка мамлекеттерди да үндөгөн. Грузиянын Тышкы иштер министрлиги тараткан маалымат боюнча Орусия баарыдан мурда Абхазияны курал менен жабдуу максатта келишимден чыгып кеткен. Ал келишимдеги арипте башкача шаани болгонун Грузиянын мамлекетик кайра кызматташуу министри Тимур Иакобашвили айткан:

-Келишимде тыюу салынуунун 95 пайызы экономикалык эмес эле согуштук катнашка тийиштүү болчу. Ошон үчүн Орусия ал келишимден чыгуу менен бул аймактагы кармашты жөнгө салуучу өлкө укугун жоготту.

Орусия буга дейре эле Европалык өлкөлөр Косовону таанып атканда Абхазияга карата мамилебизди өзгөртөбүз деп келаткан. Бирок буга дейре таанылбаган жумурияттын элин атуулдукка күргүчтөтүп алгандан башка Кремль эч кандай чара көрө элек болчу.

Орусиянын мындай кадамын Брюсселде белгилүү саясатчы айымдар олтурумунда Грузиянын парламентинин төрайымы Нино Буржанадзе менен АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс талкуулашкан. Буржанадзе айтканга караганда маектеши анын кооптонуусуна толук кошула тургандыгын билдирген.

7-мартта Абхазиянын парламенти кезексиз чогулуш өткөрүп, өзүнүн Грузиядан чыгып суверендүү жумурият болуу дымагы бар экенин билдирип БУУ, Евробиримдиги, ЕККУ жана дүйнөдөгү мамлекеттерге кайрылуу кабылдаган. Артыкча кайрылууну Орусиянын Мамдумасы менен Орусия федералдык Кеңешине жөнөтүшкөн.

5-марта болсо жана бир таанылбаган жумурият – Түштүк Осетия да «Косово үлгүсү менен» боштондукка чыгуу дымагын билдирип дүйнөлүк коомчулукка кайрылуу тараткан.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин биринчи орун басары Андрей Денисовдун айтымында, «бул Косовонун көз карандысыздыкка чыгышына Орусиянын жообу экен деп айтуу туура эмес». Ал эми Мамдуманын төрагасынын орунбасары Владимир Жириновскийдин ою боюнча «бул Абхазия жумуриятын таануу үчүн Орусиянын жасаган биринчи кадамы».

XS
SM
MD
LG