Белгилүү маалыматтарга караганда, Виктор Бут мыйзамсыз курал-жарак саткан дүйнөлүк деңгээлдеги соодагер. Анын сары изине түшүү үчүн Улуттар Уюмунун иликтөө кызматтары ондогон өлкөлөрдүн коопсуздук тармактары менен алгоолошуп иштеп, Интерпол аркылуу да издөө салган. Бирок да из жашыраган “амалдуу” Виктор Бут кыйла жыл тузакка түшпөй келди. Атүгүл Голливуд киночулары анын айла-амалын баяндаган тасмаларды тартууга үлгүрүштү.
Виктор Бут 1967-жылы Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында төрөлгөн. Советтик армиянын лейтенанты катары кызмат өтөп, андан соң Орусиянын Федералдык Коопсуздук кызматында иштеген. Кийинчирээк ал жер которуп, Бельгияга көчүп кеткен. Айрым булактардын билдиришинче, Виктор Бут беш түрлүү паспортко ээ болуп, ар кайсы өлкөдө өзүн ар түрдүчө атап, Бут, Будд, Бонт, Боут же Булакин деген ысым алдында жашап келген.
Виктор Бут Москвадагы Аскердик чет тилдер институтун бүтүргөн. Ал бир канча тилде – өзбек тилинен баштап француз жана португал тилине чейин - эркин сүйлөйт. Атүгүл Бут Африканын айрым урууларынын тилин эмес, түшүн да жоруйт. Дагы бирөөлөр Виктор Бут мурда КГБнын тыңчысы болгондугун айтышат.
Виктор Бут 90-жылдардын башынан тартып дүйнөнүн согуштук жаңжалдар орун алган аймактарына курал жарактарды сатып тургандыгы тууралуу ар кыл булактар маалымдайт. 2002-жылдан бери Интерполдун издөөсүнө түшкөн Бут Либериянын диктатору Чарлз Тейлор уюштурган кандуу жаңжалдарды, Ооганстандагы талибдерди, Руандадагы геноцидке айланган согуштарды курал-жарак менен жабдып, курал сатуунун эсебинен чириген байлардын бирине айланып чыга келген.
Вашингтондо өткөн маалымат жыйынында Түштүк Нью-Йорктун прокурору Майкл Гарсия Виктор Бутка Андрей Смульян деген өнөктөшү менен Колумбиядагы куралдуу топторго миллион долларлык курал жарактарды саткан деген күнөө коюлгандыгын айтты. Ошондой эле америкалык прокурордун айтуусунда, Бут башка террористтик топторду да курал-жарак менен камсыздап турган:
-Бүгүн Таиланд полициясы Бангкокто Бутту камакка алды. Ал миллиндогон доллар турган күчтүү курал-жабдыктарды сатуу үчүн колумбиялык ФАРК террористик тобу менен кезектеги соодасын жүргүзүп жаткан, - дейт Нью-Йорктук прокурор Майкл Гарсия.
Белгилей кетчү жагдай, АКШ өлкөдөгү куралчан ФАРК тобу жана баңги заттарды саткандар менен күрөшүү үчүн Колумбияга миллиардаган долларлык аскердик жардам берип келет.
Америкалык расмий тараптар Буттун АКШга өткөрүлүп берилүүсүнө кызыкдар экендерин жашырышпайт. Эгер Бут америкалык тарапка өткөрүлүп берилсе, анда Смульян экөө 15 жылга чейин түрмөгө кесилишет. Бирок Виктор Бут алгач Таиланд сотунун алдында жооп берет. Эгер сот Бутту күнөөлүү деп тапса, ал 10 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылышы ыктымал.
Виктор Бут 2002-жылы орусиялык үналгыга берген маегинде анын талибдер кыймылы же “ал-Каида” менен эч кандай байланышы жок экендигин билдирген. Анын айтуусунда, ага коюлган күнөөлөр чындыкка караганда Голливудда тартылган атышмай тасмаларда баяндалган окуяларга жакын.
Сүрөт www.zeka.ru интернет баракчасынан алынды