Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:03

15:10 Чек ара аймактары боюнча мыйзам долбоору кайрадан ЖК комитеттерине сунушталат


Бул долбоорду парламенттин төрт комитети эмки шейшембиде биргелешкен жыйында карашы күтүлүп жатканын аны иштеп чыккан депутат Мурат Жураев бүгүн «Азаттыкка» билдирди. Долбоор ушул жумада парламенттин айрым комитеттери тарабынан четке кагылышына бир катар депутаттар терс пикирин билдиришкен эле. Чек ара аймактарына өзгөчө макам берүү боюнча мындай мыйзамдын зарылдыгын өткөн бейшембидеги парламент жыйынында төрага Адахан Мадумаров да баса белгилеп, чек ара маселеси Кыргыз мамлекетинин денесиндеги жаракат экенин айткан. Депутат Мурат Жураевдин айтымында, бул мыйзам долбоору негизинен чек ара аймактарындагы элге бир катар жеңилдиктерди берүү менен кошуна өлкө жарандарынын жылма миграциясына бөгөт коюу максатын көздөйт. Депутаттын маалыматы боюнча акыркы жылдарда эле Баткен облусунда 2 миң гектардай жер Тажикстанга өтүп кеткен.(SM)

XS
SM
MD
LG