Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 16:52

Сербия мөөнөтсүз парламенттик шайлоого багыт алууда


Президент Борис Тадич мөөнөтсүз шайлоону эртең май айына белгилери күтүлүүдө. Буга жакында Сербиядан көз карандысыздыгын жарыялаган Косового байланыштуу өлкөдө өкмөттүк кризистин жаралышы себеп болду. Азыркы коалициялык өкмөт мындан ары иштей албасын премьер-министр Воислав Коштуница кечээ билдирди. Евробиримдик өлкөлөрүнүн Косовонун көз карандысыздыгын таанышын мыйзамсыз деп эсептеген Воислав Коштуница жана анын өнөктөштөрү Сербиянын биримдикке мүчөлүгү боюнча сүйлөшүүлөрдү тоңдурууну сунуш кылган эле. Бирок өкмөттүк коалицияга кирген батышчыл партиялардын министрлери мындай демилгени четке каккан.

Косово Сербиядан көз карандысыздыгын 17–февралда жарыялагандан кийин аны Евробиримдиктин бир катар өлкөлөрү менен бирге АКШ да тааныган.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG