Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:32

ПРЕЗИДЕНТ ЖЕТИ ЖЫЛГА ШАЙЛАНЫШЫ ЫКТЫМАЛБЫ?


Президент Курманбек Бакиев мөөнөтүнөн мурун шайлоого барышы ыктымал. Анда президент 7 жылга шайланат деген каңшаар кеп гезит беттерине акыркы кезде байма-бай чыга баштады. Оппозициянын айрым өкүлдөрү бийлик андай кадамга быйыл күзүндө барат, ал үчүн тийиштүү даярдыктар өткөн жылы эле көрүлгөн деген пикирди билдирүүдө. Чындыгында мөөнөтүнөн мурун президенттик шайлоо үчүн реалдуу даярдык, мүмкүнчүлүк жана зарылдык барбы?

Курманбек Бакиевдин биринчи президенттик мөөнөтүнүн бүтүшүнө эки жылдан ашыгыраак убакыт бар. Конституцияга ылайык ал экинчи ирет талапкерлигин көрсөтүүгө укуктуу. Бирок биринчи мөөнөт аяктоого жакындаган сайын аны кандай жол менен узартуунун айласын издештирүү, коомчулукка ар кандай божомолдорду таштап көрүү күч алаары турган иш. Жергиликтүү маалымат каражаттары бир нече айдан бери мына ошондой божомолдорду талкуулап келатат. Ал божомолдордун бири боюнча президенттик мөөнөт жети жылга узартылып, Курманбек Бакиев мөөнөтүнөн мурун президенттик шайлоого барат. Натыйжада анын биринчи президенттик мөөнөтү 2012-жылга чейин узартылат.
Кыргызстанда президенттик кызматты жети жылдык мөөнөткө узартууну коңшу өлкөлөр менен бир катарда болуу аракети менен негиздөөгө аракет кылгандар да жок эмес.

Маалым болгондой коңшу өлкөлөрдүн президенттери жакында эле жети жылдык мөөнөткө шайланып алышты. Маселен, тажик президенти Эмомали Рахмон өткөн жылы ноябрда, Ислам Каримов да өткөн жылы декабрда кезектеги ирет жети жылга шайланды. Казак президенти Нурсултан Назарбаев болсо 2005-жылы 7 жылга шайланган.

Адилет министри Марат Кайыпов мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жөнүндө эч кандай кабары жок экенин билдирет:

-Мен билбеймин ал жөнүндө. Ким демилге чыгарып жатат? Эмне үчүн чыгарып жатат? Бул мен үчүн жаңылык. Биринчи жолу сенден угуп жатам.

Тескерисинче, «Ар-намыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого даярдыктар көрүлүп жатканын тастыктайт:

-Аракеттер деген мына: биринчи аракет референдум менен конституцияны өткөрүп алганы менен көрүнүп турат. Экинчиси, парламентти колуна алып алганы менен бышыкталууда. Эми парламент алардын колунда болгондон кийин каалаган беренелерди өзгөртүп, каалаган шайлоону өткөрүп алабыз, каалаган конституцияны кабыл алабыз деп турушат. Мына Борбордук шайлоо комиссиясынын иштегенин көрүп атабыз. Ушул кезге чейин парламенттик шайлоо боюнча маалымат бере албай жатат. Даярдык көргөн ушул болот. Алар мөөнөтүнөн мурун президенттик шайлоо ушул жылдын күзүндө өткөрүүнү көздөшүүдө.

Жогорку Кеңештеги «Ак жол» фракциясынын мүчөсү Кубанычбек Исабеков партия ичинде Курманбек Бакиевдин президенттик мөөнөтүн узартуу жөнүндө сөз болбогонун, ага негиз жоктугуна токтолду:

-Мөөнөтүнөн мурун президенттик шайлоо өткөрүүгө негиз жок. Бул жөнүндө кээ бир маалымат каражаттарында окуп калдым. Ал эми парламентте, «Ак жол» партиясында бир да сөз болгон эмес. Мен негизи каршымын улам-улам эле шайлоо өткөрүүгө. Ансыз деле элибиз саясатчы болуп калды. Андан көрө экономиканын үстүнөн иштейличи.

Өлкөдөгү белгилүү саясат таануучулардын бири Валентин Богатырев мөөнөтүнөн мурун президенттик шайлоону болбогон кеп дейт:

-Бул абсолютук түрдө негизсиз божомолдор деп эсептеймин. Ал экспертмин деген айрым жолдоштордун чалагайым фантазиясы. Мөөнөтүнөн мурун президенттик шайлоого эч кандай себеп жок.

Президент өзү саясий окуялар артта калды, эми экономиканы көтөрүүнүн үстүндө иштешибиз керек, деп айтып келет. Бирок президенттик шайлоонун мыйзамдык мөөнөтү жакындап келатат. Ашып барса бир жылдан кийин президенттик шайлоо кампаниясы башталат. Бийликте ага азыртан даярдык көрүп, кандай жол менен өз мөөнөтүн узартуу, же экинчи мөөнөткө калуунун айласын издөө жүрүп жатканы чындык. Дал ошондуктан коомчулукка ар кандай божомолдор атайын ташталып, талкуулар уюштурулуп жаткандай.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG