Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:07

ПАКИСТАНДА ЭКИ ЧОҢ ПАРЛАМЕНТТИК ПАРТИЯ ПРЕЗИДЕНТ МУШАРАФКА КАРШЫ БИРИКТИ


Амирбек Усманов, Прага Пакистандын оппозициячыл партиялары коалициялык өкмөттү түзүүнү макулдашты. Алар ошондой эле Жогорку Соттун президент Первез Мушарраф кызматтан алган мүчөлөрүн мурдакы орундарына кайра кайтарып, президентти армиянын башчыларын дайындоо укугунан ажыратмак болушту. Мушаррафтын айтымында, өлкөдө тынчтык сакталса, жаңы парламент 10 күндүн арасында өз ишин башташы ыктымал.

Пакистанда өткөн айда болгон парламенттик шайлоодо чоң жеңишке жеткен эки чоң оппозициячыл партия президент Мушаррафка каршы бирикти. Мындай билдирүүнү 9-мартта Пакистан элдик партиясынын башчысы Азиф Али Зардари жана Пакистан мусулмандар лигасынын төрагасы Наваз Шариф жасады. Жекшемби күнү жетишилген келишимге ылайык, парламентте көпчүлүк орунга ээ болгон бул эки партия курама өкмөт түзүп, аны 27-декабрда кол салуудан өлгөн Беназир Бхуттонун күйөөсү Зардари жетектейт. Аларда президент Мушарраф жумуштан алган Жогорку Соттун мүчөсү Ифтикар Мухаммед Чоудрини жана башка сотторду мурдакы кызматтарына кайра отургузуу планы бар экенин Нафаз Шариф маалымдады:

-Кызматтан четтетилген соттор 2007-жылдын 2-ноябрындагы сыяктуу парламенттин чечими менен Улуттук Ассамблея тарабынан федералдык өкмөт түзүлгөндөн 30 күндөн кийин мурдакы ордуна отургузулат.

Жогорку Соттун мүчөлөрү Мушарраф 3-ноябрда өлкөдө чукул кырдаал киргизгенден кийин кызматтан алынган.

Эки чоң партия кабыл алган «Демократия хартиясында» жаңы парламент оболу аткарчу иштер тизмеленген. Ага ылайык, президент Мушарраф парламентти таркатуу жана куралдуу күчтөрдүн командачыларын дайындоо укугунан да ажыратылууга тийиш. Ал үчүн адегенде Конституцияга өзгөртүү киргизүү зарыл.

Жаңы парламент береги чечимдерди кабыл алуусу үчүн коалициялык блокко 10 добуш жетишпейт. Бирок кырдаалдын өзгөргөнүн көргөн майда партиялар менен көзкарандысыз депутаттар коалицияны колдоп кетиши ыктымал.

Азырынча Пакистандын жаңы парламенти качан ишин баштаары белгисиз. Мушарраф 7-мартта өлкөдө тынчтык болуп турса парламент 10 күндүн ортосунда алгачкы сессиясына отурарын билдирди. Ал бирок тынчтык деген сөзүнүн маанисин чечмелеп берген жок.

9-мартта Чоудрини абактан чыгарууну талап кылган 500 чамалуу соттор жана адвокаттар Исламабадда полиция менен кагылышты.

Первез Мушарраф сотторду мурдакы кызматтарына отургузууга каршы экенин эскертти. Алар кызматка келсе, Мушаррафтын президенттике кайра шайлануусунун мыйзамдуулугун кайра көтөрүп чыгаары айкын дешет талдоочулар.

XS
SM
MD
LG