Ангела Меркел Москвадагы бул жолку сапары учурунда оболу Орусиянын кызматтагы президенти Владимир Путин менен анын Ново–Огареводогу резиденциясында кездешти. Анда Путин "айрым өнөктөштөр башка адам менен иш кылуу үчүн мен бийлик укугумду токтотушумду чыдамсыздык менен күткөндөй таасир түзүлүп жатат",-деп айтуу менен Орусия менен Батыштын мамилеси жаңы президент Дмитрий Медведевдин тушунда деле жеңил болот деп ойлобосун, ал өлкөнүн эл аралык аренадагы кызыкчылыгын жигердүү коргоорун белгиледи. Бирок Путиндин айтымында, Орусия менен Германиянын саясий–экономикалык алакасы жакшы деңгээлде:
-Бул шарт-жагдайдын жөн эле дал келип кылышы эмес. Бул - эки тараптуу мамилебиздин артыкчылыктуу мүнөзүнүн далили. Бул - Орусия Федерациясы менен Германия федеративдүү республикасы ортосунда стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүүгө эки тараптын тең бекем калоосу бар экенинин далили. Мындай багыт алдыдагы жылдары да улантыларында менин шегим жок.
Ал эми немец канцлери эки өлкөнүн мамилесинде кубанычтуу жагдайлар, ошол эле учурда "кээде проблемалар" да бар экенин кошумчалады. Ангела Меркел белгилегендей, Германия Орусия менен "сынчыл жана ачык диалогго артыкчылык берет".
Ал Орусиянын шайланган президенти Дмитрий Медведев менен расмий эмес жайда "Майн Дорф" деп аталган сарайда жолукту. Бир жарым саатка созулган сүйлөшүү маалымат каражаттарынан жабык өткөн. Орусиянын ИТАР–ТАСС агенттигинин кабарына караганда, тараптар эки өлкө ортосундагы стратегиялык кызматташтыкты улантууга даяр экенин ырасташты.
Ал эми британдык "Financial Times" басылмасынын жазганына караганда, немец канцлери Ангела Меркел жолугушуудан кийин эки ортодогу пикир-келишпестиктер дароо эле жоюлбай турганын билдирген.
Орусиянын шайланган президентин "өтө реалист" катары мүнөздөгөн немец канцлеринин айтымында, Дмитрий Медведев кызматка киришкенден кийинки биринчи расмий визиттеринин бирин Германияга жасай турган болгон.
Айтор, британдык "Financial Times" басылмасынын пикиринде, немец канцлеринин Орусия жетекчилиги менен бул жолку сүйлөшүүлөрү айтылган сөздөргө караганда мурдагы кездешүүлөргө салыштырмалуу жылуу маанайда болду. Андыктан немис расмий өкүлдөрү Орусиянын шайланган президенти Дмитрий Медведев Берлин менен конструктивдүү алаканы көздөйт деген ишенимде.
Ангела Меркел менен Владимир Путин буга чейин эки ирээт: былтыр Германияда, андан мурда Орусия менен Еврошаркеттин Самарада өткөн саммити учурунда кайым айтыша кеткен эле. Кайым айтыштардын бири адам укуктары маселесине байланыштуу чыккан.
Эки өлкөнү бири-бирине бекем байлап турган нерсе -соода-экономикалык алакалар. Германия - Орусиянын эң ири соода өнөктөштөрүнүн бири. Былтыр эки тараптуу сооданын көлөмү 52,8 миллиард долларды түзгөн.