Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:53

“АЗАТТЫК+”: ЖАПОНИЯДАГЫ “ЖАҢЫ РАСА” (Сүрөт баян)


Төрөкул Дооров, Токио “Азаттык+” мезгил-мезгили менен дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттеринде жашаган жаштар тууралуу макала-интервьюларды сиздерге уктуруп турат. Бул жолу биз жапон жаштары тууралуу сүйлөшөлү деп чечтик. Жапон --> http://azattyk.kg/rubrics/society/ky/2008/03/6729C312-B216-4369-BAB9-802CF1896A9B.asp жаштары жөнүндө дүйнөдө түрдүү ойлор айтылып калат. Аларда азыр «муундар кагылышы» күч экени, жаштар өздөрүнүң каада-салттарын урматтабай, бүтүндөй эле «америкаланышып», же «европалашып» кетишкени тууралуу сөздөр Жапониянын өзүндө да күч. Ушул күндөрү Токиодо жүргөн кабарчыбыз Төрөкул Дооровдун айтымында, стереотиптик көз-караш бул жолу чындыкка жакыныраактай көрүнөт.

Жапониянын борбор шаары Токиодогу Шибуя району – уникалдуу жер. Бир топ көчөлөрдүн кесилишкен жеринде светофор бир убакта иштейт. Жашыл күйгөндө көчөнүн бир жээгинен экинчисине шашылган адамдарды көрүп жакаңды кармайсың. Бекеринен бул жерди дүйнөдөгү эң адамга толо көчө-кесилишмеси деп аташпаса керек…



«Шибуяда» метродон чыкканда кадимки эле иттин эстелигине көзүң чалынат. Анын тарыхы да жүрөктү элжиретет. Күндө ушул жерде өзүнүн ээсин жумуштан тосуп алган ит күндөрдүн биринде ал жерге келип, бирок ээсин таба албай коет. Ээси жок, ал ошо күнү каза болуп калган экен. Бирок ит адатынча күндө ээсин күтүп тура берет, тура берет... Акыр аягында анын өз ээсине мынчалык катуу берилгендигин байкаган эл "иттин атына" деп эстелик тургузуптур…



Жөн эле ит, бирок жапон жаштары аны аябай жакшы көрүшөт окшойт. Эстеликтин айланасында дайыма адам көп. Бул жакта жолугуша тургандар да ушул иттин жанына келишет, жөн гана чылым чегип, суусундук ичип тургандар да ушул жерде, чөнтөк телефону менен алек болуп олтургандар да... айтор, ит жалгыз калган учурду көрбөйсүң.



Бирок «Шибуянын» эң маанилүү өзгөчөлүгү - бул жердеги адамдарынын башкачалыгында. Өзгөчө жаштарга толо бул жер дайыма ачылган гүлдөй.



Эң акыркы үлгүдө кийинген, чачтарын түрдүүчө боеп, түрдүүчө кестирген кыз-жигиттерди көп учурда жапондорго эмес, такыр эле башка улуттагыларга, а балким, башка расадагыларга окшотосуң. Ошон үчүнбү, жапондордун бул тибин «шинжинруи», же «жаңы раса» деп да атап коюшат экен.





Зина Ибусуки – бул жаштардын катарына кирбесе да, алар киргизип жаткан өзгөрүүлөрдү “адаттан сырт көрүнүш” катары эсептебейт:

-Бизде муну адатта Америкадан келген деп билишет. Жаш кыздар, жигиттер музыкадагы punk, rock стилдерин жактырышат да, ошого жараша кийинип, чачтарын да ошого ылайыктуу жасай башташат. Мындан сырткары, биздин өзүбүздөгү жаштар арасында “жапониялык табит” бар. Бири-бирине анча айкалышпаган түстөгү кийимдерди кийишет, мисалы. Мен өзүм минтип кийинип көрө элекмин.

Зина өзү музыкант, ал пианинодо ойнойт. Жакында эле ал Венадан келген музыканттар менен биргеликте Токиодо жеке концертин өткөрдү.



Токиодо басылчу “Санкей Симбун” күндөлүк гезитинин кабарчысы Мика Сигуира болсо жапониялык жаштарда, буга чейинки жогорку муунга караганда, жеке өзүнүн кызыкчылыктарына байлангандык жана эркелик сезими күч экенин айтат:

-Жаштар бүт эле нерсени татаалдаштырып, ага кейип, болбогон эле нерселер үчүн кайгыра беришет. Аларда чын эле жалкоолук күчтүү, бирок мындай тенденция бир эле Жапонияга эмес, дүйнөдөгү көптөгөн мамлекеттерге тиешелүү деп ойлойм.

Анын аралыгында мен Шибуяны аралай, андагы жаштарды кепке тарта баштадым. Бул жерде реп стилине кызыгып, көчөдө эле бийлеп жаткан жаш балдар-кыздарды көрдүм.





Адамдарга микрофон сунуп, алар менен баарлашыш оңой болгон жок - англисче баары эле сүйлөй бербейт экен. Өзүн Фойо деп тааныштырган студент да жапон жаштарын дүйнөнүн башка бөлүктөрүндөгү жаштардан эч айырмаланбайт деп эсептейт. Кыргызстан тууралуу такыр эле маалыматы жок экен.





Жапонияда азыр балдар аз төрөлүп жаткандыктан, калк жалпысынан картайып баратканы тууралуу көп айтылууда. Демографиялык кризис жана жумуш күчүнүн картайып баратканы өкмөттү бушайманга салууда.





Бүгүнкү жаштар чоң ата, чоң энелериндей өлкөнүн өнүгүшү үчүн жан үрөп иштегенди каалашпайт. Жапон коомун, негизи, жамааттык коом дешет - бул жерде баары жамааттын каалоосуна, чечимине негизделген. Бирок бүгүнкү жаштар арасында коллективизмге каршы маанай жарала баштаганы, ага каршылык көрсөтүү сезими күч экени даана көрүнөт.

Тектеш

XS
SM
MD
LG