Өткөн аптада Орусиянын Тышкы иштер министрлиги 1966-жылы Күнкорсуз мамлекеттер шериктештиги тараптан Абхазияга соода, экономика жана башка тармактардагы катнашка тыюу салган келишимден чыга тургандыгын билдирди. Маскөө өзүнүн мындай кадамга бара тургандыгын бул жылдар ичи жагдайдын баштан-аяк өзгөрүшүнөн улам болуп атат деп айткан. Ошону менен катар ал аймактагы кагылышты басып, бейпилдик орнотууда, иштиктүү алака түзө албады деп Грузияны айыптай кеткен.
БУУдага Грузиянын туруктуу өкүлү Ираклий Аласания жекшемби күнү билдиргенге караганда Маскөөнүн өз алдынча Абхазияга карата Шериктештик салган тыюудан чыгып алуусу баарыдан мурда БУУнун Коопсуздук Кеңешинин токтомун бузат. Ошону менен катар мындай кадамдын түбү жүрүп отуруп, кармаш тымызын уланып аткан аймакта жагдайдын азыркыдан курчутуп кетишине алып келет.
«Биз Орусиянын тыюу салган келишимден бир жактуу чыгып кетиши, ошону менен анын согуштук куралдын түрлөрү менен куралды кантип коюунун бардык жолдорун тороо милдетинен кутулдум деп эсептөөсү бизди кабатыр кыларын эл аралык уюмдун эсине салабыз», - деген элчи Ираклий.
Элчи Аласания ошону менен катар 2014-жылы Сочиде өткөнү жаткан Олимпиада экономикалык тармакта кызматташуу боюнча кагылышты басаңдатууга мүмкүнчүлүк берер эле деген.
АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Залмай Халилзад маалымат жыйын үстүндө бул маселе боюнча Грузиянын койгон талабына толук кошуларын билдирген. Ал жерде айтылган кепте америкалык элчи Абхазияга салынган тыюудан Орусиянын баш тартуусу кыйла өкүнөрлүк жорук деген. Ал келишим ариби Сухумилик жикчил режимдегилер колуна согуштук куралдын өтүп кетпешин камсыз кылып келе жаткан эле деген.
«Орусиянын ал аймакта мыйзамдуу түрдө кызыкчылыгы бар. Ал ошол кызыкчылыгын кубалап Грузия жеринин бир бүтүндүгүн бузбайт деген үмүттөбүз. Чагым салынып атканга карабай Грузиянын бул маселеде сабырдуу турушун жактырабыз. Трансатлантикалык уюмдун болочоктогу мүчөсү катары Грузиянын келечегин биз колдойбуз, Грузия жангыз эмас», - деген Залмай Халилзад.