Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:35

14-МАРТ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Аскер соту тарабынан жазага тартылган Мамырбай Кубатбековду бошотулушун суранган Шабдан Жантаев менен Сооромбай Кудаяровдордун өтүнүч каты Жетисуу Аскер губернатордугунда колдоого алынган эмес. 2005-жылкы Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун экинчи айлампасы эларалык уюмдар тарабынан эки ача бааланды.

Аскер соту тарабынан жазага тартылган Мамырбай Кубатбековду бошотулушун суранган Шабдан Жантаев менен Сооромбай Кудаяровдордун өтүнүч каты Жетисуу Аскер губернатордугунда колдоого алынган эмес. Жетисуу Аскер губернаторунун Жетисуу канцеляриясына 1885-жылдын 14-март күнү жолдогон катында, Мамырбай Кубатбеков жолоочу сарт Шакирбаевди себепсиз ур-токмокко алып, аны тоногондугу үчүн соттолгондугун кабарлайт. Ал үчүн М. Кубатбеков сот жообуна тартылып, азыркы тапта Устькаменогорскидеги Аскер-сүргүн бөлүмүндө жаза мөөнөтүн өтөп аткандыгы белгиленет.

Советтик полководец Михаил Васильевич Фрунзенин музейи 1927-жылдын 14-мартында борбор шаарда салтанат менен ачылды. Михаилди тарбиялаган балабаккыч Мишинаны айтуусуна ылайык, болочок аскербашчы жарык дүйнөгө келген бөлмө жасалгаланып, музей шекеилине келтирилген. Музей Фрунзенин үйбүлөсү жашаган үйдө орун алып, кийин ал жерге азыркы музей курулган.

Кыргызстан жергесинде териси баалуу айбанаттарды асыроо максатында 1944-жылдын 14-март күнү Чүй жана Ысыккөл областарына ондатрлар коё берилген. Териси баалуу айбанаттарды алып келүү, аларга көзөмөл салуу ишин Кыргыз чийки заткамсыздоо конторасы жүргүзүп, адегенде Кыргызстанга 500 баш айбанат жеткирилген.

Эларалык демократия боюнча Лондон институту менен Шериктеш мамлекеттерден келген байкоочулар 2005-жылкы Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун экинчи айлампасы ачык, эркин жана мыйзамдуу өттү деп баа беришти.
Лондон институтунун адиси Кеми Пирстин айтымында, майда мыйзам бузуулар шайлоонун жалпы жыйынтыгына шек келтирбейт.

«Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмдун ушул эле күнкү билдирүүсүнө ылайык Кыргызстандагы парламенттик шайлоо акыйкатсыз, тандоо эркиндигинен алыс, чынчыл эмес, ыплас ыкма менен аралаш өттү.

Бу күнү, 1804-жылы атактуу композитор Иоганн Штраус, 1879-жылы атактуу физик Альберт Эйнштейн жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG