Ататүрк багынын чыгыш жагына аткаминерлердин көзү түшүүсү 2000-жылдан башталган. Алгач ал жерге мечит салынып, анан биринен экинчиси кооз кош кабат үйлөр түшө баштаган. Ататүрк багына тийиштүү жерге жеке менчик үйлөрдүн салынышы мыйзамга кайчы келерин эскерткен а кездеги атайын прокуратуранын жетекчиси Галина Пугачеванын сестүү аракети өзү да ошол жерге ээ болгондон кийин басылып калган.
Иши кылып 10 –14 сотук жерге ээ болгон мурдагы-кийинки аткаминерлердин саны 123 кишиге жетет. Жаңы конуш ээлери Ататүрк багына кирип ал жерде өсүп турган 1500 даракты кыйып салышканы, башкалаага жер алды менен келчү чоң суу түтүккө жакын коркунучтуу чекке жетишкени уруксат кагазына кол койгон шаар бийлигин анча деле түйшөлтпөгөн.
К.Бакиев өткөн жылы жолдон бурулуп бактын кыйылып жатканын көрүп кеткенден кийин деле курулуш токтолгон жок. Атүгүл Бишкектин Октябрь райондук акимчилигинин үй курууга уруксат берген 30 актыны сот аркылуу жокко чыгаруу аракетинен да азырынча майнап чыга элек. Шаар башчы Д.Үсөнов иш азыр Жогорку сотто экенин, бекер жер алгандардын арасында аткаминерлердин кыйласы бар экенин билдирди:
- Кимдер менен соттошобуз? А.Жумагулов, К.Узакбаев, Сартбаев Карыкул, Абилдаев Болот, Калашников Леонид, Карыпкулов Аманбек, Сыдыков Автандил, Мамыркулов Кобул, Стамов Асанбек, Медетбеков Шамшибек, Нанаева Мария, Осмонов Курманбек, Жээнбеков Сооронбай, Карачалов Кеңешбек, Турсунбай Бакир уулу. Мырзалар, 102 фамилия, биз менен кармашчулар өлкөнүн жарымы. “Шаар башчысынын чечимин Д.Үсөнов жокко чыгарсын” деп жазгыла. Мен эртең эле жокко чыгарам.
Бишкек шаар башчысы мыйзам уруксат кылбаган жерди берүүгө кимдин тиешеси болсо, ээлеген кызматына карабай, алардын баары жоопко тартылышы керектигин айтты. Данияр Үсөнов президенттик акимчилик түзгөн комиссия сунуш кылган мыйзамсыз салынган үйлөрдү сүрдүрүп таштоо, антүүгө азыркы бийликтин күчү жетпесе мындан ары ал жерде курулушка уруксат бербөө, болбосо салынган үйлөрдү мыйзамдаштырып урксат берүү керек деген үч сунушун тең колдобой тургандыгын, алардын ордуна үй салгандарга 15 миң түп дарак отургуздуруп, ээлеген жерлерине базар баасында жер салыгын салуу туура болорун ырастады.
Кыргызстандын экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаров мыйзамсыз үй курган жөнөкөй адамдардын тургузуп алаган үжүрөсүн бузууга маш шаар бийлиги эмнеликтен мыйзамды одоно бузуу менен жер алгандарга келгенде кетенчиктеп каларына нааразы болгонун жашырган жок:
- Биринчиден, фамилияларынын баары жазылыш керек. Экинчиден, жанагы 123 кишини Данияр Токтогулович коллегиядан эле айтпай, сүрөттөрү менен татынакай кылып элге беришибиз керек. Азыркы суроо жалаң 123 үй жөнүндө болуп жаткан жери жок. Бишкекти курчап турган 62 конуш жөнүндө сөз болуп жатат. Аларды, 350 миң кыргызды киши катары көрбөй, буларды биз киши катары көрөт бекенбиз! Ошондуктан мен мындай сунуш кылып жатам. Данияр Токтогуловичтин экинчи сунушун да колдоп, өкмөттүн комиссиясын түзөлү. Азыр ал жердеги ар бир үйдүн баасы 500 миңден 1 миллион долларга чейин. Бекер жер алышкан. Ар кайсы жерден уурдап кургандар бар ошолордун арасында. Эгер аялы же өзү ишкердик менен акча таап үй курган болсо үйүн өзүнө турган наркы боюнча алалы, анан кайра ошол 123 үйдү аукциондон сатып туруп Ататүрктөй парктан онду жасасак болот.
Президенттик акимчиликтин эксперти Султан Үсөновдун маалымдашынча, Ататүрк багынан жер бөлүп берүү тууралуу Бишкек шаар башчылыгынын 90 токтому чыккан. Бекер жерге жетишкен 37 киши жери менен үйүн сатып ийүүгө үлгүрүшкөн:
- Президент барып кеткенден кийин Бишкек шаарынын жеке үй куруу департаменти маселе бир жаңсыл чечилгенче курулушту токтотуп туруу боюнча 25 буйрук чыгарган. Ага карабай эле курулуш улантылып жатты. Комиссия сентябрдан иштей баштады, мына быйылкы жылдын 11- марты иш токтогон жок,- деп маалымдады президенттик акимчилик түзгөн комиссия жетекчиси Султан Үсөнов.
Ушу тапта Бишкектин жан-жакабелинде 60 ашуун жаңы конуштар орун алган. Башкалаанын эң чоң багынан үй салууга жер алган аткаминерлердин мыйзамсыз иш-аракетине азыркы өкмөт так баасын бере алабы же ал кезектеги комиссиянын кезектеги бүтүмү катары кагаз жүзүндө калабы – бул да белгисиз.