Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:10

М.КАЗАКБАЕВ: 24-МАРТТАН КИЙИН ӨЛКӨДӨ ӨЗГӨРҮҮ БОЛГОН ЖОК


Маектешкен Аманбек Дилденбай, Бишкек Кечээ парламент 24-мартты Элдик ыңкылап майрам күнү --> http://azattyk.kg/rubrics/politics/ky/2008/03/6F8638A0-0284-4804-9C11-23689D4D2068.asp деп жарыялаган мыйзам кабыл алды. Буга байланыштуу өз ою менен бөлүшүп, саясат таануучу Марат Казакбаев “Азаттык” үналгысына маек куруп берди.

-Марат мырза, сиздин баамыңызда, 24-март улуттук майрам болуп кете алабы?

-Кечээ парламент 24-мартты Элдик революция деп мыйзам кабыл алды. Менин оюмча ал туура эле, ал Кыргызстандын элдик майрамы. Биздин коомдо бирөөлөр революция дешет, кээ бирлери төңкөрүш болду дешет. Мен өзүм катышкам, бул элдик революция болгон. Мурунку Акаевдин бийлиги көп маселелерди аткара албай, коррупция болуп кетип, экономика өнүкпөй, ошон үчүн региондордон элдер Бишкекке келип чыккан. Менин оюмча ал революция болгон, төңкөрүш эмес.

-Кечээ парламентте 24-мартты Элдик ыңкылап майрам күнү деп жарыялаган мыйзам кабыл алганда Роза Отунбаева 24-мартта Кыргызстанда чыныгы элдик ыңкылап болду, бирок ыңкылаптын жеңиштери уурдалып, мурдагыдай эле үйбүлөлүк башкаруу, коррупция күчөгөнүн баса белгиледи. Буга сиздин көз карашыңыз кандай?

-Аны деле мен колдойм, революцияда коюлган маселелерди азыркы мамлекет башчы аткара албай атат, коррупция күчөп атат, реформа жакшы жүрбөй атат. Менин оюмча өзгөрүү болгон жок. Президент жана башка өлкө башчылар реформаларды барыбир жүргүзүш керек, 2010-жылга чейин убакыт бар. Саясат, экономика, же социалдык жактан реформа өнүкпөй атат. Ошон үчүн депутат Роза Отунбаева туура эле айтып атат, баары мурункудай эле калган.

-Марат мырза, коомчулукта бийликти жактагандар, 24-мартты Элдик ыңкылап майрам күнү катары кабыл алышты. Бийликке нааразылар майрам катары тааныбастыгын айтышууда. Мисалы, талап-тоноочулардан жабыр тарткандар, бул биз үчүн кайгылуу күн деп эсептеп атышат. Бул жерде адам укугуна байланыштуу маселени кандай кароого болот?

-24-мартта революция болгондон кийин, 25-мартта талап-тоноо болуп кеткен, дүкөндөрдү талап-тоноо болгон. Ошонун баарын өлкөбүз чече элек. Комиссия бар да, ошол маселелерди чечип, компенсация кылыш керек эле. Бирок ар бир революцияда андай издержкалар боло берет. Бирок анын баарын мамлекетибиз аткарыш керек. Аксы окуясы боюнча да маселелер чечилбей атат. Объективдүү сот болбогондуктан оппозиция, Революциялык комитет, Коомдук парламент жана башкалар чыгып атат. Булар туура эле айтып атат, ошонун баарын чечиш керек эле. Анын барын чече албай атпайбы. Конституциялык жана башка реформалар туура эмес жүрүп атат. Менин оюмча эң биринчиден президент анын баарын аткарыш керек.

-Мына 17-мартта Аксы окуясы боюнча Кербенде Элдик сот болгон атат, ошол сотко сиздин көз карашыңыз кандай?

-Мен аны колдойм. Эмне үчүн элдик сот болуп атат? Анткени биздин атуулдар, оппозициялык партиялар, бейөкмөт уюмдар биздин сотторго ишенбейт. Мына канча сот болуп атат, анын баары жакшы чечим чыгарбай атат. Аксы окуясы боюнча объективдүү сот болуш керек. Эң биринчи өкмөт башчылары объективдүү жыйынтык чыгарыш керек. Биздин прокуратура, сот, администрация жагынан ал болбой атат. Менин оюмча ошол боюнча чоң комиссия жыйынтыгын чыгарыш керек.

-Эгерде элдин талабын аткарбаса 24-марттагыдай ыңкылап кайра кайталанышы мүмкүнбү Кыргызстанда?

-Мына эки жарым жыл болуп кетти андан бери. Эгерде элдин талабы аткарылбаса ушундай окуя болуп кетиши мүмкүн. Анткени реформа жакшы жүрбөй атат, коррупция күчөп атат. Ошон үчүн элдер нааразы болуп атат.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG