Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:35

А.ЖАПАРОВ: ЫҢКЫЛАП БИРИНЧИ КОЧКОРДОН БАШТАЛГАН


Маектешкен Аманбек Дилденбай, Бишкек 2005-жылкы бийлик алмашуусунан кийин Кыргызстан бюджетинин киреше бөлүгү эки эсе өстү. Мындай өсүштү Кыргызстандын экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаров жаңы бийликтин үч жылдык аракетинин натыйжасы катары баалады. Үч жылда айлык маяна, социалдык төлөмдөр кадыресе көбөйгөнү менен азыноолок экономикалык жетишкендиктерди инфляция жокко чыгарып, калк турмушунда олуттуу дегидей өзгөрүүлөр байкала элек.



Акылбек Жапаров эгер азыркы бийлик каршылаштары экономикалык өнүгүүнү үч жыл ичинде эки эмес, төрт эсеге көбөйтөрүн билдирген бирөө-жарым чыкса аны менен өкмөт кызматташууга даяр экенин билдирди.

- Ушул сандарды карап туруп айтса:”Жок, мен бул көрсөткүчтөрдү эки эсе эмес, үч эсе же төрт эсе көбөйтөм!” Ошондо биз макул болот элек. Бирок бөлөк бирөө экономикалык программасын айта да, бере да элек.

Айрым байкоочулар азыркы бийликтин саясий-экономикалык иш-аракетинде ырааттуулук жоктугун, үч жыл мурдагы кабат-кабат убадалардын көбү кагаз жүзүндө эле калганын айтышууда. Андай аракеттин бир мисалы катары парламенттеги Кыргызстан социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Роза Отунбаева “Кумтөр” алтын кенинин айланасындагы бүтпөгөн талашты көрсөтөт.



- Кумтөрдү көргүлө. Азыр мына оңдоюн деп ушул эле өкмөт – К.Бакиевдин өкмөтү аракет кылып эки келишимди Жогорку Кеңешке алып келсе дагы бир оюну башталды.

Экономика илим кандидаты Жумабек Жаилов өкмөт тарабынан айыл чарбасына чындап көңүл бурулбаса өткөн жылдагыдай эле экономикалык өнүгүштүн демин инфляция басып коюушу мүмкүн деп эсептейт.

- Жалпы дүйнөлүк тенденция бизге таасирин тийгизет. Бирок биз бир нерсени ойго алышыбыз керек, биз айыл чарба өлкөбүз. Баанын өсүшү көп товарлардын бизде чыгарылбаганына байланыштуу. Азык-түлүктүн көбүн биз сырттан алып келип жатабыз. Алардын баасына биз эч кандай таасир тийгизе албайбыз.



Акылбек Жапаров азыркы бийликте кадр маселелери мурдагыдай үй-бүлө тарабынан чечилбей, акча менен мансап сатып алууга чекит коюлганын ырастады. А.Акаевдин тушунда кимди кандай кызматка коюуну президенттин жубайы, тууган-туушкандары чечип калган болчу, деп билдирди Экономикалык өнүгүү жана соода министри.

- Акча берип кызматка турат деген жаман, жат көрүнүштү жокко чыгардык. Мен 2003-жылы парламентте салык, бажы, башка төлөмдөр боюнча комитеттин төрагасы болуп турганда президент А.Акаев мени Кирешелер боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы болосуң деп айткан. Мен макулдугумду бергем. Бирок андан кийин ал киши Америкага кетип калды. Анан мага башка бирөөлөр ал кызматка 500 000 доллар бербесең өтпөйсүң дешти. Андай акча менде жок болчу. Мен болбой калдым.

Азыркы бийликтин мактаныч катары айтып келаткан өткөн жылдын дурус экономикалык көрсөткүчтөрүн 20% ашуун көтөрүлүп кеткен инфляция басып, анын салакасы быйыл да кайталанганы туру. Мына эки айдын жыйынтыгында инфляция 3% ашты. Өкмөт аны кантип ооздуктоо амалын жакын арада талкууламакчы.

- Биз 25-мартта же 26-мартта өкмөттүн жыйынын өткөрүп, инфляцияга каршы иш-чараларды кабыл алалы деп жатабыз. Колубуздун келсе аны ишке ашырабыз,- деп айтты А.Жапаров.

Өкмөт быйыл ички дүң продукттун көбөйүшүн 8% кем эмес деңгээлге жеткирүүгө, инфляция деңгээлин 12 – 15% ашырбай кармап туруу болжолун алдыга жаюуда. А бирок экономикалык божомолдор бул жылы аткарылбай калышы деле ыктымал экендиги министрлер кабинетинин соңку жыйынында байма-бай айтылды.

XS
SM
MD
LG