Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:10

ИРАНДА ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛОО ӨТҮП ЖАТАТ


Каарманбек Кулуев, Бишкек Бүгүн Иранда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Анда консервативдик көз караштагы саясатчылар кайра жеңип, Мажилисте көпчүлүк орундарды ээлеп алат деп күтүлүүдө. Эске сала кетсек, бийликтин кысымынан реформисттик маанайдагы саясатчылардын көбү бул шайлоого катыша алышпайт.

Иран бийлиги бул шайлоодо чоң колдоо алууга ниеттенип жатат. Дүйнөлүк коомчулукта Тегерандын өзөктүк долбоорунун айланасындагы чыңалуу күчөп турган кезде бийликке Иран элинин толук ишеними керек.

Бийликти колдогон консервативдик саясатчылардын шайланышы үчүн реформисттердин көбүн каттоодо тоскоолдуктар болду. 290 депутаттык орун үчүн 4 жарым миң талапкер ат салышып жатат. Иранда айтылуу “Сакчылар Кеңеши” уюшулган. Бул органды, адатта, бир тараптуулугу үчүн айыптап жүрүшөт. Ал бул жолку шайлоого “Ислам жана Ирандагы 1979-жылкы революцияга карата терс көз караштары үчүн” бир миң жети жүз талапкерди каттоодон өткөрбөй койду. Булардын көбү реформисттер эле.

Сакчылар Кеңеши бир тараптуулук тууралуу дооматтарды четке кагат, бирок оппозициянын эң чыгаан талапкерлери шайлоого катталган жок. Реформисттер келерки Межилисте азыркы 40 орунга жетсе, ал да чоң жетишкендик болот.

Күчтүү атаандашы жок калган консерваторлор үчүн эми бир гана маселе маанилүү - шайлоого элдин көпчүлүгү катышышы керек. “Жалпы Иран бийликти колдойт” деген ураанды чындыкка жакындатыш үчүн, Ирандын диний лидери Аятолла Али Хаменеи да элди шайлоого үгүттөп чыкты:

- Менин элге айтарым – Ирандын келечегин, алдыдагы 4 жылкы саясатты аныктоо үчүн силердин добушуңар абдан маанилүү.



Хаменеи консерваторлорду колдойт. Үгүт сөзүндө Ирандын диний лидери АКШга тартпаган, Исламга жана акыйкаттуулукка берилген саясатчыларга добуш берүүнү суранды. Ушундай эле маанайдагы сөз менен мурунку президент Али Акбар Хашеми Рафсанжани да элге кайрылды. Рафсанжани прагматикалуу консерватор деп эсептелет. Ал Ахмадинежад менен бир тарапта турганы менен, убакыт келгенде сын айткандан да баш тартпайт. Бирок азыр алардын максаты бир:

- Чет өлкөдөгү биздин душмандар парламентибиздин алсыздыгын каалайт, элдин шайлоого начар катышуусун каалайт, анткени бул эл менен бийлик ортосундагы аралыкты алыстатмак.

Консерваторлорду Иранда “принципиалисттер” деп аташат. Алар экиге бөлүнгөн. Бири - Бириккан Принципиалисттик Фронт. Ал Махмуд Ахмадинежадды колдойт. Экинчиси - Кеңири Принципиалисттик Коалиция деп аталат. Анда президентти сындаган консерваторлор бириккен. Мисалы, Тегерандын акими Мохамед Бакер Калибаф жана Революциялык Гвардиянын мурунку башчысы Мосэн Резаи.

Оппозициячыл Реформисттерди да бирдиктүү уюм деп атоого болбойт. Алардын бир бөлүгү мурунку президент Мохамед Хатамининин айланасында бириксе, калганы парламенттин мурунку спикери Мехди Карроубини колдошот.

Иранда 44 миллион шайлоочу бар. Алардын бул шайлоого катышуусу бийликтин күчтүүлүгүнүн жана элдик колдоонун көрсөткүчү болот. 2004-жылы ушундай эле шарттарда өткөн шайлоодо добуш берүүчүлөрдүн 51% гана катышкан.

XS
SM
MD
LG