Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:13

ОРУСИЯ: АЙМАКТАРДА КРЕМЛЬ ИШЕНГЕН ЖЕТЕКЧИЛЕР ДАЙЫНДАЛУУДА


Муса Мураталиев, Москва Орусияда жума күнү «Бирдиктүү Орусия» партиясынан Мамдумага шайланган Олег Ковалевди Рязан областынын думасы ал аймакка губернатор кылып бекитти. Ковалевдун талапкердигин президент Владимир Путин --> http://azattyk.kg/rubrics/politics/ky/2008/03/26966C86-C3F2-46E1-BA68-D1307E716C07.asp сунуштаган эле. Ал аймактын башчысы Георгий Шпактын кызмат мөөнөтү 14-апрелде аяктап аткан. Байкоочулардын баамында Кремлдин жер-жерлердеги бийлик ээлерин өзүнө берилген кишилер алмаштыруу иши башталган.

Кызматынан кетип аткан Рязан облусунун губернатору Георгий Шпактын ордуна «Бирдиктүү Орусия» партиясына мүчө Олег Ковалев менен алмаштыруу ушул күндөрү болду жана андай алмаштыруу биринчи жолу болгон жок. Мурунку аптада, 9-мартта Якутск шаарынын башчысы Илья Михальчукту Архангельск обулусуна губернаторлугуна бийлик сунуштап, анан ал да ишке ашкан.

Кремль бийлиги жакында өткөргөн «2020-жылга чейинки стратегия» деп аталган олтурумда жер-жерлердеги жетекчилерди жаңылоо керектигин президент Путин айтып чыккан. Ал жерде маселен: «Аймактардагы жагдай Маскөөгө караганда аябагандай начар. Ал жактарда мурдагыдай эле президент алдыга койгон милдеттер аткарылбай келүүдө. Ошол үчүн ал жакта бийликти алмаштыруу зарыл» - деп айтылган.

Орусиялык Мамдума төрагасынын биринчи орун басары Олег Морозов айтканга Караганда, президент Путиндин сүйлөгөн сөзүндө эркиндик жана либералдуулукка карай олуттуу кадамдар жасалат:

-Коркпой эле айтамын, кээде «башкарылма демократия» деп коюшчу – бийликтин өйдөдөн ылдыйды карай үстөмдүк кылган башкаруу күчөтүлөт. Башкача айтканда, бизде өлкөнүн саясий турмушун нагыз, терең демократташтыруу күчөтүлөт. Биз эми чыныгы көп партиялуулукка өтөбүз, чыныгы атуулдук коом институттарын түзүүгө өтөбүз, ал жакынкы 12 жыл ичинде өлкөдө боло турган бардык өзгөрүштөргө таасирин тийгизет.

Саясий байкоочулардын болжолунда Кремлдин мындан аркы кадамы көз каранды партияларды уюштуруу, ошол эле коммунисттик режим бар кездегидей калкка бийликке жаккан гана маалыматты таркатып, көз боёмочулук жолуна түшүү болот.

Ал эми жер-жерлердеги атка минерлерди алардын ирдүүлөрү болгон губернаторлорду алмаштыруу - ошол саясий система маанайы астында болорун каңкуулашат. Ошол себептүү Кремлдин аймактардагы саясаты баарыдан мурда ал жерлерге өзү ишенгендиктен башка жактык кадрларды алып барып ишке коюу адаты пайда болгонун саясий талдоочу Александр Кынев айтат:

-Эки талапкер тең Олег Ковалев менен Илья Михальчук башка аймакта жашаган кишилер. 2005-жылдын февраль айынан тарта ушундай ык менен 26 аймактык жетекчи киши башка жактан дайындалды.

XS
SM
MD
LG