Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:46

Канада парламенти Ооганстанда өлкө аскерлеринин туруу мөөнөтүн 2011–жылга чейин узартты


Аскерлер бул мөөнөткө чейин эгер алар жайгашкан Ооганстандын кооптуу түштүк чөлкөмүнө НАТО кошумча аскерлерди жана жабдууларды жөнөткөн шартта гана кала алат. Канаданын азыркы өкмөтү парламенттеги оппозиция менен мындай мыйзамдын кабыл алынышына жетишүү үчүн өткөн айда мунаса таба алды. Анын алдында Ооганстандагы кооптуу түштүк аймагында жайгашкан 2500 аскерди чыгаруу үчүн өкмөткө катуу кысым көргөзүлгөн. Мындан улам Канада бийликтери Кошмо Штаттарга жана НАТОнун башка өлкөлөрүнө эгер алар Ооганстандын түштүгүнө кошумча күчтөрүн жөнөтпөсө, келерки жылдын башында аскерлерди алып кетерин эскертүүгө мажбур болгон эле. Канада Ооганстанда 80 жоокерин жана бир дипломатын жоготкон.

XS
SM
MD
LG