Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:31

ИРАНДА ПАРЛАМЕНТКЕ КОНСЕРВАТОР КҮЧТӨР КЕЛҮҮДӨ


Иранда кечээки парламенттик шайлоонун жыйынтыгын эсептөө жүрүп жатат. Алдын ала эсептөө президент Махмуд Ахмединежад менен ымалаш консерватордук күчтөр алдыга чыкканын көрсөтүүдө. 70 чөлкөмдө эсептөө жүргүзүлсө, катаң турумдаргы консерваторлор 35инде жеңишке жетишиптир. Мамлекеттик сыналгыдан кабарлангандай, сабырдуу турумдагы консерваторлор 22, ал эми реформисттер 13 мандатка ээ болушту. Мажилисте бардыгы болуп 290 орун бар, башкача айтканда, добуштардын басымдуу көпчүлүгү азырынча тактала элек.

Иранда бардыгы 44 миллиондой шайлоочу бар. Ал эми шайлоого 4 жарым миңдей талапкер, негизинен консерваторлор катышты. Реформист күчтөр жана көз карандысыз дагы башка байкоочулар көптөгөн реформачы талапкерлер шайлоого катышуудан алдын ала четтетилгендиктен, шайлоонун акыйкат болбогондугун айтышууда.

Ирандын ички иштер министрлигине ылайык, добуш берүүгө шайлоочулардын 65 пайыздан ашыгы келди, буга салыштырмалуу 2004тө бул көрсөткүч 51 пайыз болгон. Баш калаа Тегерандагы мечитте бул шайлоочу кубанычын мындайча билдирди:

- Мен абдан кубанып атам. Элдер келип, бүт дүйнөгө өз талапкерлерин өздөрү тандап, өз өлкөсүн башкарууга катыша ала турганын көрсөтүп жатат.

Бирок экинчи шайлоочунун шайлоонун акыйкат экендигине көзү жеткен жок:

- Тизмеде менин көңүлүм толо турган талапкер болгон жок. Тандоо процессине байланыштуу, мен өзүмө ылайыктуу талапкер таба алган жокмун.

Ассошейтед Пресс агенттиги Тегерандагы көп шайлоо бекеттерине саналуу гана адамдар келип, добуш беришкенин билдирди.

XS
SM
MD
LG